আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
36 : 69

وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنۡ غِسۡلِينٖ

Ал үчүн тозоктогу адамдардын денесинен чыккан ириңден башка тамак-аш болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 69

لَّا يَأۡكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡخَٰطِـُٔونَ

Ал тамак-ашты күнөө жана жамандык иштерди кылган адамдар гана жешет. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 69

فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَا تُبۡصِرُونَ

Аллах силер көргөн нерселер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 69

وَمَا لَا تُبۡصِرُونَ

Жана силер көрбөгөн нерселер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 69

إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ

Чындыгында Куран – Аллахтын сөзү. Аны улуу пайгамбары адамдарга окуп берет. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 69

وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَاعِرٖۚ قَلِيلٗا مَّا تُؤۡمِنُونَ

Ал акындын сөзү эмес. Анткени ал поэзиянын ыргактарына туура келбейт. Силер аз ыйман келтиресиңер. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 69

وَلَا بِقَوۡلِ كَاهِنٖۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ

Ал көзү ачыктын сөзү эмес. Көзү ачыктардын сөзү бул Курандан айырмаланып турат. Силер аз эскересиңер. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 69

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Бирок ал бүткүл макулуктардын Раббиси тараптан түшүрүлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 69

وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ

Эгерде Мухаммад Биз айтпаган эле кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан ойлоп чыгарган болсо, info
التفاسير:

external-link copy
45 : 69

لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ

Биз андан өч алмакпыз жана аны Өз күч-кудуретибиз менен кармамакпыз. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 69

ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ

Кийин анын жүрөгү менен байланышкан тамырын кесип салмакпыз. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 69

فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ

Ошондо араңардан эч ким аны Бизден коргой албайт. Ал силер үчүн Биз атыбыздан жалган айтуусу мүмкүн эмес. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 69

وَإِنَّهُۥ لَتَذۡكِرَةٞ لِّلۡمُتَّقِينَ

Чындыгында Куран Раббисинин буйругун аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн насыят. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 69

وَإِنَّا لَنَعۡلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ

Биз силердин араңарда бул Куран тууралуу жалган айткан адамдар бар экенин билебиз. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 69

وَإِنَّهُۥ لَحَسۡرَةٌ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ

Куранды жалганга чыгаруу – кыямат күнүндөгү чоң өкүнүч. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 69

وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلۡيَقِينِ

Чындыгында Куран – Аллах тараптан экендигинде эч кандай шек-күмөнү жок анык чындык. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 69

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Оо, пайгамбар! Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула жана улуу Раббиңдин ысымын эскер. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• تنزيه القرآن عن الشعر والكهانة.
Курандын поэзияга жана көзү ачыктыкка катышы жок. info

• خطر التَّقَوُّل على الله والافتراء عليه سبحانه.
Аллахтын атынан жалган айтуунун жана Ага жалаа жабуунун коркунучу. info

• الصبر الجميل الذي يحتسب فيه الأجر من الله ولا يُشكى لغيره.
Кооз сабырдуулук деген Аллахтан сооп үмүт кылуу жана башкаларга арызданбоо. info