আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
9 : 69

وَجَآءَ فِرۡعَوۡنُ وَمَن قَبۡلَهُۥ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتُ بِٱلۡخَاطِئَةِ

Фараон жана андан мурунку коомдор жана жер астын-үстүн болуп азапталган Луттун коомунун шаары ширк жана күнөөлөрдү кылуу сыяктуу туура эмес иштерди жасашты. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 69

فَعَصَوۡاْ رَسُولَ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَهُمۡ أَخۡذَةٗ رَّابِيَةً

Алардын баарысы аларга жиберилген пайгамбарына каршы чыгышты жана аны жалганга чыгарышты. Ошондо Аллах аларды түбүнө жете тургандай деңгээлде ашыкча күч менен кармады. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 69

إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلۡمَآءُ حَمَلۡنَٰكُمۡ فِي ٱلۡجَارِيَةِ

Суу көтөрүлүп чектен ашканда, Биз Өз буйругубуз менен силерди белдеринде көтөрүп жүргөн адамдарды Нух жасаган сүзүүчү кемеге салдык, алар силерди көтүүрүлөр болду. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 69

لِنَجۡعَلَهَا لَكُمۡ تَذۡكِرَةٗ وَتَعِيَهَآ أُذُنٞ وَٰعِيَةٞ

Биз ал кемени жана анын окуясын каапырлардын жок кылынышына жана ыймандуулардын куткарылышына далил болсун деп жана аны куйма кулак адам укканда жаттап алсын деп сабак кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 69

فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ نَفۡخَةٞ وَٰحِدَةٞ

Сурнай тартууга жоопкер болгон периште бир жолу үйлөгөндө, (ал сурнайдын экинчи жолу тартылуусу) info
التفاسير:

external-link copy
14 : 69

وَحُمِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةٗ وَٰحِدَةٗ

Жер менен тоолор көтөрүлөт жана алар бир жолу катуу быркырап талкаланып, жер менен тоолордун бөлүкчөлөрүн бөлүп салат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 69

فَيَوۡمَئِذٖ وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ

Ушулардын баары болгон күнү кыямат болот. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 69

وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِيَ يَوۡمَئِذٖ وَاهِيَةٞ

Ал күндө периштелер түшүү үчүн асман ачылат. Ошол күнү ал алсыз болот, ага чейин бекем жана кубаттуу эле. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 69

وَٱلۡمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرۡجَآئِهَاۚ وَيَحۡمِلُ عَرۡشَ رَبِّكَ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ ثَمَٰنِيَةٞ

Ал эми анын чет жакаларында периштелер болот. Ошол улуу күндө Раббиңдин Аршын сегиз жакын периштелери көтөрөт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 69

يَوۡمَئِذٖ تُعۡرَضُونَ لَا تَخۡفَىٰ مِنكُمۡ خَافِيَةٞ

Оо, адамдар! Ошол күндө Аллахтын алдына турасыңар. Силерде кандай гана сыр болбосун, ал Аллахка жашыруун калбайт. Тескерисинче, Аллах аны Билүүчү жана Кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 69

فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقۡرَءُواْ كِتَٰبِيَهۡ

Кимге иш-аракеттери жазылган китеби оң тарабынан берилсе, ал сүйүнгөнүнөн мындай деп айтат: «Мынакей! Менин иш-аракеттер жазылган китебимди алып окугула. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 69

إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَٰقٍ حِسَابِيَهۡ

Мен дүйнөдө кайра тирилеримди жана сыйлыгыма жолугарымды анык билчүмүн». info
التفاسير:

external-link copy
21 : 69

فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ

Ал түбөлүк жыргалчылыкты көргөндө көңүлдөгүдөй жашоодо болот. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 69

فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ

Орду жана даражасы бийик бейиште болот. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 69

قُطُوفُهَا دَانِيَةٞ

Анын мөмө-жемиштери аны үзүүчүгө жакын болот. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 69

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَآ أَسۡلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡأَيَّامِ ٱلۡخَالِيَةِ

Аларга сый-урмат катары: «Дүйнөдөгү өткөн күндөрдө кылган жакшылык иштериңер себептүү эч кандай зыян тартпастан жегиле жана ичкиле» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 69

وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُوتَ كِتَٰبِيَهۡ

Ал эми кимге иш-аракеттери жазылган китеби сол тарабынан берилсе, анда ал катуу өкүнүчтөн мындай деп айтат: «Аттиң-ай, мага амал китебим берилбей эле койсо экен. Ал жакта мени азапка татыктуу кылган жамандык иштерим бар. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 69

وَلَمۡ أَدۡرِ مَا حِسَابِيَهۡ

Аттиң-ай, сурагым кандай болорун билбей калсам экен. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 69

يَٰلَيۡتَهَا كَانَتِ ٱلۡقَاضِيَةَ

Аттиң, мен өлгөн өлүм, андан кийин кайра тирилүү болбогон өлүм болуп калса кана! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 69

مَآ أَغۡنَىٰ عَنِّي مَالِيَهۡۜ

Мал-мүлкүм мени Аллахтын азабынан эч коргой албады. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 69

هَلَكَ عَنِّي سُلۡطَٰنِيَهۡ

Эч кандай далилим калбады жана мен таянган күч-кубат да, кадыр-барк да жок болду». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 69

خُذُوهُ فَغُلُّوهُ

Ага айтылат: «Эй, периштелер! Аны кармагыла да, колун мойнуна байлагыла. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 69

ثُمَّ ٱلۡجَحِيمَ صَلُّوهُ

Анан аны тозокко киргизгиле, ал анын ысыктык азабын тартсын. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 69

ثُمَّ فِي سِلۡسِلَةٖ ذَرۡعُهَا سَبۡعُونَ ذِرَاعٗا فَٱسۡلُكُوهُ

Андан соң узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга киргизгиле». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 69

إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ ٱلۡعَظِيمِ

Анткени ал улуу Аллахка ыйман келтирген жок. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 69

وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ

Башкаларды бей-бечарага тамак берүүгө чакырган жок. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 69

فَلَيۡسَ لَهُ ٱلۡيَوۡمَ هَٰهُنَا حَمِيمٞ

Эми кыямат күнү аны азаптан коргогон жакыны болбойт. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• المِنَّة التي على الوالد مِنَّة على الولد تستوجب الشكر.
Атага берилген жакшылык – балага берилген жакшылык болуп эсептелет. Ал үчүн шүгүр келтирүү керек. info

• إطعام الفقير والحض عليه من أسباب الوقاية من عذاب النار.
Бей-бечарага тамак берүү жана ошол ишке чакыруу – тозок азабынан сактаган себептерден. info

• شدة عذاب يوم القيامة تستوجب التوقي منه بالإيمان والعمل الصالح.
Кыямат күндөгү азаптын катаалдыгы ыйман жана жакшылык иштер менен коргонууну талап кылат. info