আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
12 : 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱجۡتَنِبُواْ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلظَّنِّ إِنَّ بَعۡضَ ٱلظَّنِّ إِثۡمٞۖ وَلَا تَجَسَّسُواْ وَلَا يَغۡتَب بَّعۡضُكُم بَعۡضًاۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمۡ أَن يَأۡكُلَ لَحۡمَ أَخِيهِ مَيۡتٗا فَكَرِهۡتُمُوهُۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ تَوَّابٞ رَّحِيمٞ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эч кандай себептерге жана далилдерге негизделбеген көпчүлүк айыптоолордон алыс болгула. Чындыгында кээ бир күмөн ойлор күнөө. Мисалы, сыртынан жакшы көрүнгөн адам тууралуу жаман ойлоо сыяктуу. Ошондой эле ыймандуулардын артынан түшүп айып-кемчиликтерин издебегиле жана араңардан эч ким мусулман бир тууганы тууралуу ага жакпагандай сөздөрдү айтпасын. Чындыгында анын ага жакпагандай сөз айтканы өлүмтүктүн этин жеген сыяктуу. Өлгөн мусулман бир тууганынын этин жеш кимиңерге жакмак эле? Ушул сыяктуу эле ал тууралуу ушак айтууну жаман көргүлө. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин тооболорун Кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن ذَكَرٖ وَأُنثَىٰ وَجَعَلۡنَٰكُمۡ شُعُوبٗا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓاْۚ إِنَّ أَكۡرَمَكُمۡ عِندَ ٱللَّهِ أَتۡقَىٰكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٞ

Оо, адамдар! Чындыгында Биз силерди Адам атаңар болгон бир эркектен жана Хава энеңер болгон бир аялдан жараттык. Ата-тегиңерди айтып бири-бириңерге мактанбагыла. Андан соң Биз силерди мактанышыңар үчүн эмес, өз ара таанышууңар үчүн көптөгөн элдер жана чачыранды уруулар кылдык. Себеби артыкчылык такыбалык менен гана болот. Ошондуктан Ал: «Аллахтын алдында эң урматтууңар – эң такыбаңар» – деп айтты. Чындыгында Аллах силердин абалдарыңарды Билүүчү, силердеги артыкчылыктар менен кемчиликтер тууралуу Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 49

۞ قَالَتِ ٱلۡأَعۡرَابُ ءَامَنَّاۖ قُل لَّمۡ تُؤۡمِنُواْ وَلَٰكِن قُولُوٓاْ أَسۡلَمۡنَا وَلَمَّا يَدۡخُلِ ٱلۡإِيمَٰنُ فِي قُلُوبِكُمۡۖ وَإِن تُطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَا يَلِتۡكُم مِّنۡ أَعۡمَٰلِكُمۡ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ

Кээ бир чөлдүк арабдар пайгамбарга келип: «Биз Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик» – деп айтышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер ыйман келтирген жоксуңар». Андан көрө: «Биз моюн сундук жана баш ийдик» – дегиле. Анткени силердин жүрөгүңөргө ыйман али кире элек жана ал бара-бара кирет. Оо, арабдар! Эгерде силер ыйман келтирүүдө жана жакшылык иштерди кылууда Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, анда Аллах силердин кылган иш-аракеттериңердин соопторун кемитпейт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 49

إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ثُمَّ لَمۡ يَرۡتَابُواْ وَجَٰهَدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّٰدِقُونَ

Чыныгы ыймандуулар – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан соң ыймандарына эч кандай шек-күмөн аралашпагандар, мал-мүлкүн жана жанын аябастан Аллах жолунда согушкандар. Мына ушундай сыпаттагы адамдар өз ыймандарында чынчыл адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 49

قُلۡ أَتُعَلِّمُونَ ٱللَّهَ بِدِينِكُمۡ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ

Оо, пайгамбар! Ошол арабдарга айт: «Силер Аллахка диниңерди билдирип жана сездирип коёюн дедиңерби? Аллах асмандардагы нерселерди билет жана жердеги нерселерди билет. Аллах бүткүл нерселерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал силердин диниңерди билдирүүңөргө муктаж эмес». info
التفاسير:

external-link copy
17 : 49

يَمُنُّونَ عَلَيۡكَ أَنۡ أَسۡلَمُواْۖ قُل لَّا تَمُنُّواْ عَلَيَّ إِسۡلَٰمَكُمۖ بَلِ ٱللَّهُ يَمُنُّ عَلَيۡكُمۡ أَنۡ هَدَىٰكُمۡ لِلۡإِيمَٰنِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Оо, пайгамбар! Ал арабдар сага Исламга киргендерин милдет кылышат. Аларга айт: «Аллахтын динине киргениңерди милдет кылбагыла! Анын пайдасы өзүңөргө гана кайтат. Тескерисинче, Аллах силерге ыйманга келүүңөргө ийгилик берип ырайымдуулук кылды, эгер силер Исламга кирдик деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор». info
التفاسير:

external-link copy
18 : 49

إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ غَيۡبَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ

Чындыгында Аллах асмандардагы жана жердеги кайыпты билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын жакшысынын сыйлыгын жана жаманынын жазасын берет. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• سوء الظن بأهل الخير معصية، ويجوز الحذر من أهل الشر بسوء الظن بهم.
Жакшы адамдар жөнүндө жаман ойлоо күнөө. Бузуку адамдар жөнүндө жаман ойлоо менен алардан сактанууга уруксат. info

• وحدة أصل بني البشر تقتضي نبذ التفاخر بالأنساب.
Адамзаттын түпкү теги бир экендиги алардан ата-тек менен мактанганды таштоону талап кылат. info

• الإيمان ليس مجرد نطق لا يوافقه اعتقاد، بل هو اعتقاد بالجَنان، وقول باللسان، وعمل بالأركان.
Ыйман – бул ишенимге туура келбеген курулай сөз эмес. Ал жүрөк менен ишенүү, тил менен айтуу жана дене-мүчөлөр менен иш-аракет кылуу. info

• هداية التوفيق بيد الله وحده وهي فضل منه سبحانه ليست حقًّا لأحد.
Туура жолго түшүү ийгилиги Аллахтын гана колунда. Бул Аллахтын жакшылыгы. Мындай укук эч кимге берилген эмес. info