আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
5 : 49

وَلَوۡ أَنَّهُمۡ صَبَرُواْ حَتَّىٰ تَخۡرُجَ إِلَيۡهِمۡ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Оо, пайгамбар! Аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып жаткандар сен чыкканга чейин чакырбастан сабыр кылып турушканда жана сага үндөрүн жай чыгарып кайрылганда, бул нерсе алар үчүн сырттан чакырып турганга караганда жакшыраак болмок. Анткени бул нерседе урматтап сыйлоо жана таазим кылуу бар. Аллах тообо кылган пенделеринин жана башкалардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын наадандыгын да Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن جَآءَكُمۡ فَاسِقُۢ بِنَبَإٖ فَتَبَيَّنُوٓاْ أَن تُصِيبُواْ قَوۡمَۢا بِجَهَٰلَةٖ فَتُصۡبِحُواْ عَلَىٰ مَا فَعَلۡتُمۡ نَٰدِمِينَ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге бир бузуку адам кайсы бир адамдар тууралуу кабар алып келсе, ал кабардын тууралыгын тактагыла жана ага ишенгенге шашылбагыла. Эгерде тактабастан туруп анын кабарына ишенсеңер, анда иштин чоо жайын билбестен адамдарды күнөө ишке кириптер кылуу коркунучу бар. Кийин силер анын кабары жалган экенин билип калсаңар, бул кылганыңарга өкүнүп каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 49

وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ فِيكُمۡ رَسُولَ ٱللَّهِۚ لَوۡ يُطِيعُكُمۡ فِي كَثِيرٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِ لَعَنِتُّمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ حَبَّبَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡإِيمَٰنَ وَزَيَّنَهُۥ فِي قُلُوبِكُمۡ وَكَرَّهَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡكُفۡرَ وَٱلۡفُسُوقَ وَٱلۡعِصۡيَانَۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلرَّٰشِدُونَ

Оо, ыймандуулар! Билгиле, араңарда вахий түшүп турган Аллахтын элчиси бар. Жалган айтуудан сак болгула. Болбосо ага силердин жалганыңар тууралуу кабар берген вахий түшпөсүн. Ал силерге эмне пайдалуу экенин жакшы билет. Эгерде ал силердин сунуштарыңардын көпчүлүгүнө макул боло берсе, анда ал силерге ыраа көрбөгөндөй кыйынчылыктарга түшүп каласыңар. Бирок Аллах Өз жакшылыгы менен силерге ыйманды сүйүктүү кылды жана аны жүрөгүңөрдө кооз кылды, анан силер ыйман келтирдиңер. Жана силерге каапырлыкты, Ага баш ийбестикти жана Ага күнөө кылууну жаман көргөздү. Мына ушул сыпаттарга ээ болгон адамдар туура жолго түшкөндөр. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 49

فَضۡلٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَنِعۡمَةٗۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ

Жүрөгүңөргө жакшылыктын кооз көрүнүшү, жамандыктын жек көрүнүшү, чындыгында бул Аллахтын силерге кылган айкөлдүгү жана жакшылыгы. Аллах шүгүр кылган пенделерин Билүүчү, Ал аларга ийгилик берет. Ал бардык нерсени өзүнө ылайык орунга койгон Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 49

وَإِن طَآئِفَتَانِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱقۡتَتَلُواْ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَهُمَاۖ فَإِنۢ بَغَتۡ إِحۡدَىٰهُمَا عَلَى ٱلۡأُخۡرَىٰ فَقَٰتِلُواْ ٱلَّتِي تَبۡغِي حَتَّىٰ تَفِيٓءَ إِلَىٰٓ أَمۡرِ ٱللَّهِۚ فَإِن فَآءَتۡ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَهُمَا بِٱلۡعَدۡلِ وَأَقۡسِطُوٓاْۖ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُقۡسِطِينَ

Оо, ыймандуулар! Эгерде момундардан эки тайпа өз ара согушуп кетсе, анда алардын ортосундагы талаш-тартышты Аллахтын шарияты менен чечүүгө чакырып аларды жараштыргыла. Эгер алардын бири келишүүдөн баш тартып чектен чыкса, анда чектен ашкан тарап Аллахтын өкүмүнө кайтканга чейин аны менен согушкула. А эгер Аллахтын өкүмүнө кайтса, анда аларды бири- бири менен адилеттик жана калыстык менен жараштыргыла жана алардын ортосунда өкүм кылууда адилеттүү болгула. Чындыгында Аллах адилеттүү өкүм кылгандарды жакшы көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 49

إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ إِخۡوَةٞ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَ أَخَوَيۡكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ

Чындыгында ыймандуулар – Исламда бир туугандар. Оо, ыймандуулар! Исламдагы бир туугандык силерден урушуп кеткен эки мусулман бир тууганыңарды жараштырууну талап кылат. Силер Аллахтын ырайымын үмүт кылуу менен Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا يَسۡخَرۡ قَوۡمٞ مِّن قَوۡمٍ عَسَىٰٓ أَن يَكُونُواْ خَيۡرٗا مِّنۡهُمۡ وَلَا نِسَآءٞ مِّن نِّسَآءٍ عَسَىٰٓ أَن يَكُنَّ خَيۡرٗا مِّنۡهُنَّۖ وَلَا تَلۡمِزُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ وَلَا تَنَابَزُواْ بِٱلۡأَلۡقَٰبِۖ بِئۡسَ ٱلِٱسۡمُ ٱلۡفُسُوقُ بَعۡدَ ٱلۡإِيمَٰنِۚ وَمَن لَّمۡ يَتُبۡ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Араңардан бир адамдар башка адамдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Эң негизгиси – Аллахтын алдындагы нерсе. Ошондой эле аялдар да башка аялдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Мусулман бир туугандарыңарды айыптабагыла, анткени алар силер менен бирдей деңгээлде. Пайгамбар келгенге чейин кээ бир ансарлардын абалы сыяктуу бири-бириңерди жаман аттар менен атабагыла. Араңардан ким ушундай кылса, анда ал бузуку. Ыйман келтиргенден кийин бузукулук сыпатта болуу кандай жаман! Ким бул күнөөлөргө тообо кылбаса, анда алар күнөө кылуу менен өздөрүн кыйроого учуратып өзүнө өзү зыян келтиргендер. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• وجوب التثبت من صحة الأخبار، خاصة التي ينقلها من يُتَّهم بالفسق.
Кабарды тактоонун милдеттүүлүгү, айрыкча бузукулугу менен белгилүү болгон адам айткан болсо. info

• وجوب الإصلاح بين من يتقاتل من المسلمين، ومشروعية قتال الطائفة التي تصر على الاعتداء وترفض الصلح.
Бири-бири менен согушкан мусулмандарды жараштыруу милдет жана аша чаап чектен чыккан жана келишүүдөн баш тарткан тарапка каршы согушуу шариятта уруксат. info

• من حقوق الأخوة الإيمانية: الصلح بين المتنازعين والبعد عما يجرح المشاعر من السخرية والعيب والتنابز بالألقاب.
Ыйманге негизделген бир туугандыктын акыларынан – урушкандарды жараштыруу жана шылдыңдоо, айыптоо, жаман аттар менен атоо сыяктуу көңүлдү ооруткан нерселерден алыс болуу. info