আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
73 : 16

وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَمۡلِكُ لَهُمۡ رِزۡقٗا مِّنَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ شَيۡـٔٗا وَلَا يَسۡتَطِيعُونَ

Ал мушриктер Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Алар болсо асмандар менен жерден аларга эч кандай ырыскы бере алышпайт жана аларга ээлик да кылышпайт. Анткени алар эч нерсени билбеген жансыз заттар. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 16

فَلَا تَضۡرِبُواْ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡثَالَۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ

Эй, адамдар! Силерге пайда да зыян да бере албаган бул айкелдерди Аллахка окшотпогула! Сыйынууда Ага шерик кыла тургандай Анын эч кандай окшошу жок. Чындыгында Аллах Өзүнө тийиштүү улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарды билет. Силер аны билбейсиңер. Ошондуктан Аны өзүңөрдүн кудайларыңарга окшоштуруп Ага ширк кылып атасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 16

۞ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا عَبۡدٗا مَّمۡلُوكٗا لَّا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَمَن رَّزَقۡنَٰهُ مِنَّا رِزۡقًا حَسَنٗا فَهُوَ يُنفِقُ مِنۡهُ سِرّٗا وَجَهۡرًاۖ هَلۡ يَسۡتَوُۥنَۚ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ

Аллах мушриктерге жооп кылып мисал келтирет – эч нерсе кыла албаган, садака кылганга эч нерсеси жок алсыз кул жана Биз Өз алдыбыздан адал байлык берип, ал андан өзү каалагандай ачык да жашыруун сарптаган эркин адам экөөсү бири-бирине тең эмес. Силер Өз мүлкүн Өзү каалагандай сарптап башкарган Аллах менен алсыз кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?! Аллах Өзү гана мактоолорго татыктуу. Бирок мушриктердин көпчүлүгү кудай болууга жана сыйынылууга жалгыз Аллах Өзү гана татыктуу экендигин билишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 16

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا رَّجُلَيۡنِ أَحَدُهُمَآ أَبۡكَمُ لَا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوۡلَىٰهُ أَيۡنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأۡتِ بِخَيۡرٍ هَلۡ يَسۡتَوِي هُوَ وَمَن يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Аллах аларга жооп кылып эки адам тууралуу дагы бир мисалды келтирди – алардын бирөөсү дудук-дүлөй, ал дудуктугу себептүү сүйлөбөйт, дүлөйлүгү себептүү укпайт, сөзгө түшүнбөйт. Өзүнө да башкага да пайда бере албайт. Аны баккан үй-бүлөсү үчүн ал оор түйшүк. Аны кайда жиберсе да жакшылык алып келбейт, көздөгөн максатты ишке ашырбайт. Эми ушундай адам менен кулагы уккан, сүйлөгөн, ашыкча пайда келтирген, адамдарды адилеттикке буйруган, табияты түз жана эч кандай бурмаланбаган туура жолдогу адам тең болобу? Эй, мушриктер! Силер улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарга ээ болгон Аллахка өзүңөрдүн укпаган, сүйлөбөгөн, пайда келтирбеген, зыяндан куткарбаган кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
77 : 16

وَلِلَّهِ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَمَآ أَمۡرُ ٱلسَّاعَةِ إِلَّا كَلَمۡحِ ٱلۡبَصَرِ أَوۡ هُوَ أَقۡرَبُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Асмандардагы жана жердеги кайып нерселердин илими жалгыз Аллахка гана таандык. Аны жеке Өзү гана билет, жаратылгандардан эч кимиси билбейт. Ал эми Өзүнө гана тийиштүү кайыптардан болгон кыяматтын тез болушун Ал каалай турган болсо, анда көз ачып жумгуча эле келтирип коёт, балким андан да тезирээк болот. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч ким алсыра албайт. Эгерде ал бир ишти кааласа, анда «Бол!» деп гана айтат, ал ошол замат болот. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 16

وَٱللَّهُ أَخۡرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ شَيۡـٔٗا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Оо, адамдар! Төрөт убагы келгенде Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсени билбеген ымыркай абалда чыгарды жана силерге угуш үчүн кулак, көрүш үчүн көз жана акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Балким Ал силерге берген жакшылыктарга шүгүр кыларсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 16

أَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلطَّيۡرِ مُسَخَّرَٰتٖ فِي جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمۡسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Мушриктер абада калкып жеңил учкан куштарга назар салышпайбы? Аллах аларга канаттарды берди жана абаны жумшак кылды. Ошондой эле аларга канаттарын жазып, кайра жыйноону илхам кылды. Аларды кудуреттүү Аллах гана жерге түшүрбөй абада кармайт. Чындыгында бул моюн сундурууда жана түшүрбөй кармоодо Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн белгилер бар. Анткени алар гана белгилерден жана сабактардан пайда алышат. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• لله تعالى الحكمة البالغة في قسمة الأرزاق بين العباد، إذ جعل منهم الغني والفقير والمتوسط؛ ليتكامل الكون، ويتعايش الناس، ويخدم بعضهم بعضًا.
Пенделердин арасында ырыскыны бөлүштүрүүдөгү чыныгы даанышмандык Аллахка гана таандык. Ал бул ааламды бүт тараптан толук кылыш үчүн, адамдар бирге жашаш үчүн жана бири-бирине кызмат кылуулары үчүн алардын арасында бай, кедей жана орто жашагандарды кылып койду. info

• دَلَّ المثلان في الآيات على ضلالة المشركين وبطلان عبادة الأصنام؛ لأن شأن الإله المعبود أن يكون مالكًا قادرًا على التصرف في الأشياء، وعلى نفع غيره ممن يعبدونه، وعلى الأمر بالخير والعدل.
Аяттарда келтирилген эки мисал мушриктердин адашкандыгын жана айкелдерге сыйынуунун жалган экендигин билдирет. Анткени чыныгы кудай бардык ишти башкарууга, Ага сыйынгандарга пайда келтирүүгө жана жакшылыкка жана адилеттикке буйрууга кудуреттүү падыша болуш керек. info

• من نعمه تعالى ومن مظاهر قدرته خلق الناس من بطون أمهاتهم لا علم لهم بشيء، ثم تزويدهم بوسائل المعرفة والعلم، وهي السمع والأبصار والأفئدة، فبها يعلمون ويدركون.
Аллахтын жакшылыктарынан жана Анын кудуреттүүлүгүнүн белгилеринен – адамдарды алар эч нерсе билбеген абалда энелеринин курсагынан чыгаруусу, андан соң аларга кулак, көз, жүрөктөр сымал үйрөнүүгө себеп болгон нерселерди берүүсү. Алар аркылуу үйрөнүшөт жана баамдашат. info