আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
88 : 16

ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ زِدۡنَٰهُمۡ عَذَابٗا فَوۡقَ ٱلۡعَذَابِ بِمَا كَانُواْ يُفۡسِدُونَ

Аллахка каапырлык кылышып, башкаларды Аллахтын жолунан бурган адамдардын азабына азап кошобуз. Алар каапырлыктары үчүн ага татыктуу болушту. Себеби алар өздөрү бузулушту жана башкаларды адаштыруу менен бузушту. info
التفاسير:

external-link copy
89 : 16

وَيَوۡمَ نَبۡعَثُ فِي كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدًا عَلَيۡهِم مِّنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَجِئۡنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِۚ وَنَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ تِبۡيَٰنٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِينَ

Оо, пайгамбар! Биз ар бир үммөттөн пайгамбарды кайра тирилтип, ал алардын каапырлыгына же ыйманына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошол пайгамбар алардын өздөрүнөн жана ошолордун тилинде сүйлөйт. Эй, пайгамбар! Биз сени бардык үммөттөргө күбө катары алып келдик. Биз сага адал-арам, сыйлык-жаза ж.б. түшүндүрүүсү зарыл болгон бардык нерселерди баяндоо үчүн Куранды түшүрдүк. Биз аны адамдарды акыйкатка багытташ үчүн, ага ыйман келтирип, андагы айтылгандарды аткаргандарга ырайым болуш үчүн жана түбөлүк жыргалчылыкты күтүшүп Аллахка ыйман келтиргендерге сүйүнчү кабар кылып түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 16

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَٱلۡإِحۡسَٰنِ وَإِيتَآيِٕ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَيَنۡهَىٰ عَنِ ٱلۡفَحۡشَآءِ وَٱلۡمُنكَرِ وَٱلۡبَغۡيِۚ يَعِظُكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ

Чындыгында Аллах пенделерин адилеттүүлүккө, Аллахтын жана адамдардын алдындагы милдеттерин аткарууга жана өкүм чыгарууда бирин экинчисинен артык көрбөгөнгө буйруду. Бирок артык көрүүнү талап кылганга укуктуу болгон абалда гана уруксат. Ошондой эле пендеге милдет болбогон жакшылык иштерди кылууга буйруду, мисалы, өз ыктыяры менен садака кылуу, зулум кылганды кечирүү, жакын туугандарга муктаж болгон нерселерин берүүгө буйруу, бардык жаман сөздөрдөн жана зына сыяктуу жаман иштерден тыюу, шарият жаман көргөн бардык күнөөлөрдөн тыюу, адамдарга текеберлик жана зулумдук кылуудан тыюу. Аллах бул аятта силерге буйруган жана тыйган нерселерди аткарууну осуят кылат. Балким Анын кылган окуятынан сабак аларсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
91 : 16

وَأَوۡفُواْ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ إِذَا عَٰهَدتُّمۡ وَلَا تَنقُضُواْ ٱلۡأَيۡمَٰنَ بَعۡدَ تَوۡكِيدِهَا وَقَدۡ جَعَلۡتُمُ ٱللَّهَ عَلَيۡكُمۡ كَفِيلًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُونَ

Аллахка же адамдарга берген бардык убадаңарды аткаргыла! Аллахтын аты менен касам ичип берген бекем анттарыңарды бузбагыла! Силер аткарам деп касам ичип Аллахты өзүңөргө күбө кылгансыңар. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал жакында силерге сыйлыгыңарды же жазаңарды берет. info
التفاسير:

external-link copy
92 : 16

وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّتِي نَقَضَتۡ غَزۡلَهَا مِنۢ بَعۡدِ قُوَّةٍ أَنكَٰثٗا تَتَّخِذُونَ أَيۡمَٰنَكُمۡ دَخَلَۢا بَيۡنَكُمۡ أَن تَكُونَ أُمَّةٌ هِيَ أَرۡبَىٰ مِنۡ أُمَّةٍۚ إِنَّمَا يَبۡلُوكُمُ ٱللَّهُ بِهِۦۚ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ

Жеңил ойлуу кем акыл адамдардай убадаларын бузгандардан болбогула! Бул акылсыз аялга окшобогула – ал жүндү же кебезди ийригенден тажап, бекем ийригенден кийин мурункудай кылып кайра аны чечип чубап салды. Ал ийригенден да чубагандан да чарчады, көздөгөн ой-максатына да жетпеди. Силердин үммөтүңөр душмандарыңардан көп жана кубаттуу болуш үчүн силер антыңарды бири-бириңерди алдаган куралга айлантып алдыңар. Аллах силерди убадаларына бек бекен деп сынап жатат. Силер аны аткарасыңарбы же бузасыңарбы? Кыяматта Аллах силердин бул дүйнөдө талашып тартышканыңарды сөзсүз ачык айтып берет. Ошондо акыйкатчыл адамды жалганга чыгарган адамдан, чынчылды жалганчыдан айырмалап берет. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 16

وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَلَتُسۡـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Эгерде Аллах кааласа баарыңарды акыйкатты карманган бир үммөт кылып коймок. Бирок Аллах Өз адилеттиги менен кимиңерди кааласа акыйкатта жана убадаларды аткарууда жардамсыз калтырып адаштырат жана Өз айкөлдүгү менен кимге кааласа ийгилик берет. Силер кыяматта бул дүйнөдө кылган иштериңер үчүн сөзсүз сураласыңар. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• للكفار الذين يصدون عن سبيل الله عذاب مضاعف بسبب إفسادهم في الدنيا بالكفر والمعصية.
Аллахтын жолунан тоскон каапырлар үчүн эселеген азаптар бар. Анткени алар каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү бул дүйнөдө бузукулук кылышты. info

• لا تخلو الأرض من أهل الصلاح والعلم، وهم أئمة الهدى خلفاء الأنبياء، والعلماء حفظة شرائع الأنبياء.
Жер бети илимдүү жана жакшы адамдардан куру калбайт. Мына ошолор туура жол башчылары, пайгамбарлардын орун басарлары жана пайгамбарлардын шарияттарын сактагандар. info

• حدّدت هذه الآيات دعائم المجتمع المسلم في الحياة الخاصة والعامة للفرد والجماعة والدولة.
Бул аяттар мусулман коомчулугундагы ар бир адамдын, коомдун жана мамлекеттин жеке жана жалпы жашоосунун негиздерин чектеди. info

• النهي عن الرشوة وأخذ الأموال على نقض العهد.
Убаданы бузуш үчүн акча алуудан жана паракорлуктан тыюу. info