আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
77 : 56

إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٞ كَرِيمٞ

Ал – Улук Куран! info
التفاسير:

external-link copy
78 : 56

فِي كِتَٰبٖ مَّكۡنُونٖ

Сакталган-жашыруун Китепте![1] info

[1] Бул китеп Лавхул Махфуз. Ал периштелердин колунда сакталган жана инсаният менен жиндерден жашыруун болгон Тагдыр Китеби.

التفاسير:

external-link copy
79 : 56

لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ

Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1] info

[1] Б.а. Куранды ширктен таза жана даараттуу адамдар гана кармайт.

التفاسير:

external-link copy
80 : 56

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 56

أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ

Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
82 : 56

وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ

Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
83 : 56

فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ

(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе, info
التفاسير:

external-link copy
84 : 56

وَأَنتُمۡ حِينَئِذٖ تَنظُرُونَ

Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 56

وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ

(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 56

فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ

Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор, info
التفاسير:

external-link copy
87 : 56

تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?! info
التفاسير:

external-link copy
88 : 56

فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ

Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо, info
التفاسير:

external-link copy
89 : 56

فَرَوۡحٞ وَرَيۡحَانٞ وَجَنَّتُ نَعِيمٖ

(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр! info
التفاسير:

external-link copy
90 : 56

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо, info
التفاسير:

external-link copy
91 : 56

فَسَلَٰمٞ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун! info
التفاسير:

external-link copy
92 : 56

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ

Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо, info
التفاسير:

external-link copy
93 : 56

فَنُزُلٞ مِّنۡ حَمِيمٖ

Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип, info
التفاسير:

external-link copy
94 : 56

وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ

Тозокко ташталат! info
التفاسير:

external-link copy
95 : 56

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ

Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
96 : 56

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)! info
التفاسير: