আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
17 : 56

يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ

(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт, info
التفاسير:

external-link copy
18 : 56

بِأَكۡوَابٖ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٖ مِّن مَّعِينٖ

Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 56

لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ

Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 56

وَفَٰكِهَةٖ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ

(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен, info
التفاسير:

external-link copy
21 : 56

وَلَحۡمِ طَيۡرٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ

табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт). info
التفاسير:

external-link copy
22 : 56

وَحُورٌ عِينٞ

Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 56

كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ

(Седепте) жашынган бермет сыяктуу! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 56

جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 56

لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا تَأۡثِيمًا

(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 56

إِلَّا قِيلٗا سَلَٰمٗا سَلَٰمٗا

Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ

Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 56

فِي سِدۡرٖ مَّخۡضُودٖ

(Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында, info

[1] "Сидр" деген жыпар жыттуу бирок, тикенектүү дарак бар. Ал эми бейиштеги Сидр дарагы ушуга окшогон эле жыпар жыттуу, а бирок тикенексиз болот.

التفاسير:

external-link copy
29 : 56

وَطَلۡحٖ مَّنضُودٖ

Мөмөлүү банан бактарында, info
التفاسير:

external-link copy
30 : 56

وَظِلّٖ مَّمۡدُودٖ

Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө, info
التفاسير:

external-link copy
31 : 56

وَمَآءٖ مَّسۡكُوبٖ

(Шар) аккан суулар(дын боюн)да, info
التفاسير:

external-link copy
32 : 56

وَفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ

Көп мөмө-жемиштердин ичинде info
التفاسير:

external-link copy
33 : 56

لَّا مَقۡطُوعَةٖ وَلَا مَمۡنُوعَةٖ

Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1] info

[1] Бул дүйнөнүн мөмөлөрү кыш мезгилинде түгөнүп калат. Ал эми бейиште, кыш, суук деген жок. Мөмө-жемиштер эч түгөнбөй бышып турат.

التفاسير:

external-link copy
34 : 56

وَفُرُشٖ مَّرۡفُوعَةٍ

(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 56

إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءٗ

Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1] info

[1] Аллах таала аларды ошол турпатында жараткан.Алар дүйнө сулуулары сыяктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес.

التفاسير:

external-link copy
36 : 56

فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا

Биз аларды бикир[1] кылып жаратып, info

[1] Бикир – күйөөгө тийбеген кыз.

التفاسير:

external-link copy
37 : 56

عُرُبًا أَتۡرَابٗا

Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук, info
التفاسير:

external-link copy
38 : 56

لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Оң тарап ээлери үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 56

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ

Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 56

وَثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ

Акыркылардан болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ

Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 56

فِي سَمُومٖ وَحَمِيمٖ

Алар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде info

[1] «Самум» – бул тозоктогу ысык шамал, ал эми «хамим» – кайнаган суу

التفاسير:

external-link copy
43 : 56

وَظِلّٖ مِّن يَحۡمُومٖ

жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 56

لَّا بَارِدٖ وَلَا كَرِيمٍ

Анын салкыны да жок, көркү да жок. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 56

إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ

Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 56

وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ

Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 56

وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ

Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз? info
التفاسير:

external-link copy
48 : 56

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ

Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 56

قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ

(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы, info
التفاسير:

external-link copy
50 : 56

لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ

Белгиленген күндүн убадасына чогултулат. info
التفاسير: