Сен ал күнү ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан нурлары алдыга жаркырап баратканын көрөсүң. Ошол күнү аларга: «Силердин бүгүнкү сүйүнчү кабарыңар – хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштер! Ал жакта түбөлүк каласыңар. Бул теңдешсиз улуу жеңиш» – деп айтылат.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• امتنان الله على المؤمنين بإعطائهم نورًا يسعى أمامهم وعن أيمانهم.
Ыймандууларга алдынан жана оң тарабынан жаркыраган нур берүү менен Аллахтын аларга жакшылык кылуусу.
• المعاصي والنفاق سبب للظلمة والهلاك يوم القيامة.
Күнөөлөр жана эки жүздүүлүк – кыяматтагы караңгылыкка жана кыйроого себеп болот.
• التربُّص بالمؤمنين والشك في البعث، والانخداع بالأماني، والاغترار بالشيطان: من صفات المنافقين.
Ыймандууларды аңдуу, кайра тирилүүгө шектенүү, кыялдарга алдануу жана шайтанга азгырылуу – эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан.
• خطر الغفلة المؤدية لقسوة القلوب.
Жүрөктүн мерездигине алып барган көңүл коштуктун коркунучу.