Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ырыскы издеп сапарга чыгып же, казатка аттанып ошондо өлгөн же өлтүрүлгөн бир туугандары тууралуу, эгер алар биздин жаныбыздан алыс чыкпаганда өлбөйт эле деп айткан мунафык каапырларга окшобогула. Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү өкүнүч жана кайгыны көбөйтүү үчүн аларга ушундай туура эмесишенимди киргизип койгон. А чыны, Аллах Өз каалоосу менен өлтүрөт жана тирилтет. Анын тагдырындагы өлүмдү үйдө олтуруу токтотпойт, же согушка чыгуу тездетпейт. Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү, амалыңар Ага жашыруун эмес, ошол амалыңарга жараша сый көрөсүңөр же жазаланасыңар
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الجهل بالله تعالى وصفاته يُورث سوء الاعتقاد وفساد الأعمال.
Аллахты жакшы тааныбоо, Анын сыпаттарын билбөө, жаман ишеним жана бузук амал кылууга түртөт