Аллах ыроологон ырайым менен сенин мүнөзүң, эй, пайгамбар, сахабаларыңа жумшак болду. Эгер сөзүң же ишиң аларга катуу тие турган таш жүрөк болгонуңда, анда алар сенден ажырап кетишмек жана сенин укугуңду кыскартышмак. Сен эми аларга кечирим тиле, кеңешке муктаж болсоң алардын ой-пикирин сура. Кеңештен кийин оюңа бекем ишенсең, аны аткар, Аллахка тобокел кыл, чынында, Аллах Таала Ага тобокел кылгандарды жакшы көрөт, аларды ийгиликтүү кылып жардам берет
Эгер Аллах силерге жардам берип, коргоосуна алса, жер бетиндегинин баары чогулса да силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт. А эгер силерге жардам бербей өзүңөрдү таштап койсо, Аллахтан башка силерге эч ким жардам бере албайт. Жардам Жалгыз Анын колунда. Момундар бир гана Аллахка таянышсын, Андан башка эч нерсеге таянбасын
Пайгамбарлардын эч кимиси олжодон өзүнө бөлүнбөгөн нерсени кыянаттык менен алган эмес. Силерден ким олжодон өзүнө тиешелүү болбогон нерсени кыянаттык менен алса, кыямат күнү ошонун жаман акыбетир тартат, катып алган нерсесин калайыктын алдын көтөрүп келет. Кийин ар бир жан кылган ишине жараша эч бир азайтпастан жазасын алат, аларга күнөөсү көбөйтүлүп, же жакшылыгы азайтылып залым кылынбайт
Ыйманы жана жакшы амалы менен Аллахтын ыраазылыгын табууну көксөгөн адам менен каапыр болуп, жаман иштерди жасап, Аллахтын каар-казабына калып, барар жери тозок болгон адам Аллах Тааланын хузурунда бирдей эмес. Тозок кандай жаман жай.
мындай адамдар бул дүйнөдө да, акыретте да бирдей эмес. Аллах Таала алардын эмне кылганын Көрүүчү, Ага эч нерсе купуя-сыр эмес, кийин баарын кылган амалына жараша сыйлайт же жазалайт
Өздөрүнөн пайгамбар жиберип, Аллах Таала момундарга чоң жакшылык кылган. Ал пайгамбар аларга Куран окуп берет, ширк жана зыяндуу ахлактардан арылтат, Куран, сүннөттү үйрөтөт. бул пайгамбар аларга келе элегинде туура жолдон адашып, жаңылып жүрүшкөн эле.
Оо, ыймандуулар, Ухудда артка качканыңарда жана араңардан бир топ адам өлтүрүлгөндө: Биз ыйман келтирген болсок, анан кантип мындай балээге кабылдык?! дедиңер. А Бадр согушунда душмандарыңар өлүп жана туткун болууда силерден эки эсе көп жапа тартышкан эле. Оо, пайгамбар, аларга: "Бул балээге өз ара талашып, Аллахтын элчисине баш ийбей койгон себептүү кабылдыңар, - деп айт. Чынында, Аллах Таала бардык ишке Кадыр; каалаганына жардам берет, каалаганын таштап коёт
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• النصر الحقيقي من الله تعالى، فهو القوي الذي لا يحارب، والعزيز الذي لا يغالب.
чыныгы жардам Аллахтан болот, Ал эч ким аны менен согуша албай турган Күчтүү, эч ким Ага үстөмдүк кыла албай турган Ызаттуу
• لا تستوي في الدنيا حال من اتبع هدى الله وعمل به وحال من أعرض وكذب به، كما لا تستوي منازلهم في الآخرة.
бул дүйнөдө Аллахтын жолунда жүрүп, Анын жолунда амал кылган адамдын абалы менен Андан баш тартып, жалганга чыгарган адамдын абалы бирдей болбойт. Ошондой эле булардын акыреттеги бара турган орду да башка-башка
• ما ينزل بالعبد من البلاء والمحن هو بسبب ذنوبه، وقد يكون ابتلاء ورفع درجات، والله يعفو ويتجاوز عن كثير منها.
пенденин башына түшкөн мээнет, балээ анын күнөөсүнүн айынан болот. Кээде сыноо менен даража көтөрүлөт. Аллах кечиримдүү, көптөгөн адамдарды кечирет