ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
160 : 26

كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Луттун (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) эли да аны жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
161 : 26

إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Бир кезде алардын тектеш тууганы Лут минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Ага шерик кылган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!". info
التفاسير:

external-link copy
162 : 26

إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Андан силерге жеткирген нерседе аманаткөймүн, ага эч нерсени кошпойм жана кемитпейм. info
التفاسير:

external-link copy
163 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
164 : 26

وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет. info
التفاسير:

external-link copy
165 : 26

أَتَأۡتُونَ ٱلذُّكۡرَانَ مِنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Силер адамдардын арасынан эркектерге артынан кошулуп жатасыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
166 : 26

وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمۡ رَبُّكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٌ عَادُونَ

Аллах силердин кумарыңарды кандырыш үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Бирок силер бул бузукулук күнөөнү кылуу менен Аллахтын чектеринен чыктыңар». info
التفاسير:

external-link copy
167 : 26

قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰلُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُخۡرَجِينَ

Эли Лутка айтты: «Эй, Лут! Эгерде бизди бул иштен тыйганыңды токтотпосоң, анда сени жана сени менен бирге болгондорду шаарыбыздан кетиребиз». info
التفاسير:

external-link copy
168 : 26

قَالَ إِنِّي لِعَمَلِكُم مِّنَ ٱلۡقَالِينَ

Лут аларга айтты: «Чындыгында мен силердин бул кылып жаткан ишиңерден жийиркенем, жек көрөм. info
التفاسير:

external-link copy
169 : 26

رَبِّ نَجِّنِي وَأَهۡلِي مِمَّا يَعۡمَلُونَ

Ал Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү булардын кылып жаткан күнөөсү себептүү баштарына түшө турган азаптан сакта» – деп дуба кылды». info
التفاسير:

external-link copy
170 : 26

فَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ

Ошондо Биз анын дубасына жооп бердик, кийин аны жана үй-бүлөсүн толугу менен куткардык. info
التفاسير:

external-link copy
171 : 26

إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ

Бирок аялын гана куткарбадык. Анткени ал каапыр болчу. Ал кыйрап кеткендерден болду. info
التفاسير:

external-link copy
172 : 26

ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

Андан соң Лут менен үй-бүлөсү Садум шаарынан чыккандан кийин Биз анын артында калган элин тыптыйпыл кылып жок кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
173 : 26

وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلۡمُنذَرِينَ

Биз аларга асмандан таштарды жамгырдай жаадырдык. Аларга жааган жамгыр кандай жаман! Лут аларга Аллахтын азабын эскертсе да, алар ага карабастан кылган күнөөлөрүн уланта беришти. info
التفاسير:

external-link copy
174 : 26

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Чындыгында бузукулук кылышканы себептүү Луттун коомуна түшкөн азап тууралуу айтылган нерседе адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
175 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
176 : 26

كَذَّبَ أَصۡحَٰبُ لۡـَٔيۡكَةِ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Мадиянга жакын жайгашкан жыш бак-дарактуу шаардын жашоочулары да пайгамбары Шуайбга ишенбей, жалпы пайгамбарларды жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
177 : 26

إِذۡ قَالَ لَهُمۡ شُعَيۡبٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Бир кезде аларга пайгамбары Шуайб айтты: «Аллахка ширк кылганыңарды таштап Андан коркпойсуңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
178 : 26

إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Андан силерге жеткирген нерседе аманаткөймүн, Ал мага жеткир деп буйруган нерсеге эч нерсени кошпойм жана кемитпейм. info
التفاسير:

external-link copy
179 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
180 : 26

وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет. info
التفاسير:

external-link copy
181 : 26

۞ أَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَلَا تَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُخۡسِرِينَ

Соода-сатыкта адамдарга толук өлчөп-ченеп бергиле. Өлчөм-ченемди кемитип жеп калуучулардан болбогула! info
التفاسير:

external-link copy
182 : 26

وَزِنُواْ بِٱلۡقِسۡطَاسِ ٱلۡمُسۡتَقِيمِ

Башкаларга тартып бергенде туура тараза менен тарткыла! info
التفاسير:

external-link copy
183 : 26

وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ

Адамдардын акыларын кемитпегиле жана жер бетинде күнөөлөрдү кылып бузукулукту жайбагыла! info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• اللواط شذوذ عن الفطرة ومنكر عظيم.
Бачабаздык – табиятка каршы жат көрүнүш жана чоң күнөө. info

• من الابتلاء للداعية أن يكون أهل بيته من أصحاب الكفر أو المعاصي.
Ыйманга үгүт кылган адамдын үй-бүлөсүндөгү адамдардын каапырлардан же күнөөкөрлөрдөн болуусу ага карата болгон сыноолордон. info

• العلاقات الأرضية ما لم يصحبها الإيمان، لا تنفع صاحبها إذا نزل العذاب.
Жер бетиндеги байланыштар ыйман менен коштолбосо, ал байланыштар азап түшкөн кезде адамга эч кандай пайда бербейт. info

• وجوب وفاء الكيل وحرمة التَّطْفِيف.
Таразаны туура тартып берүүнүн милдеттиги жана кемитип берүүнүн арамдыгы. info