Биз асмандан керектүү өлчөмдө жамгыр суусун түшүрдүк, ал көп болуп зыян бербейт жана аз болуп жетишсиз болбойт. Жана аны адамдар менен жан-жаныбарлар пайдаланышы үчүн жер бетинде тура турган кылдык. Чындыгында Биз аны алар пайдалана албай тургандай кылып кетирип коюуга да кудуретибиз жетет.
Биз ал суу менен курма жана жүзүм ж.б. бактарды өстүрөбүз. Ал бактарда силер үчүн анжир, анар жана алма сыяктуу ар кандай түрдөгү жана түстөгү мөмө-жемиштер бар. Силер андан жейсиңер.
Жана Биз силерге ал суу менен Синай тоосунун аймагында өскөн Зайтун дарагын өстүрдүк. Анын мөмөсүнөн май чыгарылып, аны сыйпанышат жана андан нан малып жечү татымал алынат.
Эй, адамдар! Чындыгында силер үчүн (төө, уй, кой сыяктуу) үй жаныбарларында ибарат-өрнөктөр бар. Силер аларды Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана силерге кылган мээримине далил кыласыңар. Биз силерге алардын ичинен чыккан ичкенге жагымдуу таза сүттү ичиребиз. Силер үчүн аларда көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды минесиңер, жүнүн жана тыбытын пайдаланасыңар жана эттеринен жейсиңер.
التفاسير:
22:23
وَعَلَيۡهَا وَعَلَى ٱلۡفُلۡكِ تُحۡمَلُونَ
Кургактыкта үй жаныбарларынан төөлөрдүн үстүндө, ал эми деңизде кемелердин үстүндө жүрөсүңөр.
Биз Нухту Аллах жолуна чакыруу үчүн өз элине жибердик. Ал аларга айтты: «Оо, элим! Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?!».
Ошондо анын элинен Аллахка каапырлык кылган кадырлуу адамдар менен башчылары өз тарапташтарына жана жалпы элге айтышты: «Мына бу өзүн пайгамбармын деп ойлоп жаткан адам силерге окшогон эле адам. Ал силердин үстүңөрдөн бийлик кылып, башчы болгусу келип жатат. Эгерде Аллах бизге пайгамбар жиберүүнү кааласа, анда адамзаттан эмес, периштелерден жибермек. Биз мунун айткандарын бизден мурун жашап өткөн ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз.
Ал өзү айтканын өзү түшүнбөгөн жин тийген адам. Анын иши адамдарга ачык болгонго чейин аны күтүп тургула!».
التفاسير:
26:23
قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي بِمَا كَذَّبُونِ
Нух (ага Аллахтын саламттыгы-тынчтыгы болсун) айтты: «Оо, Раббим! Алар мени жалганга чыгарганы себептүү алардан өч алып, мага аларга каршы жардам бер!».
Ошондо Биз ага вахий кылдык: «Биздин көз алдыбызда жана Биз сага кантип жасашты үйрөткөндөй кылып кеме кур! Качан аларды жок кылуу тууралуу буйругубуз келгенде тандыр кайнап, жерден күч менен суу атырылып чыкканда, кемеге ар бир тирүү жандыктан андан тукум улаш үчүн эркек-ургаачысынан сал. Ошондой эле үй-бүлөңдү сал, бирок аялың жана балаң сыяктуу Аллах тараптан кыйроого учурайт деп алдын ала жазылгандарды салба. Каапырлыгы менен зулумдук кылышкандарды куткар же кыйроого учуратпа деп Мага кайрылба! Чындыгында алар топон сууга чөктүрүлүп сөзсүз кыйроого учурашат».
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• لطف الله بعباده ظاهر بإنزال المطر وتيسير الانتفاع به.
Жамгырдын жаашы жана аны пайдалануунун жеңилдиги – Аллахтын пенделерине болгон мээримин ачык көрсөтүп турат.
• التنويه بمنزلة شجرة الزيتون.
Зайтун дарагынын орду тууралуу айтып өтүү.
• اعتقاد المشركين ألوهية الحجر، وتكذيبهم بنبوة البشر، دليل على سخف عقولهم.
Мушриктердин таштарды кудай деп ишенгендери жана адамзаттагы пайгамбарлыкты жалганга чыгаргандары алардын кем акылдыгына далил болот.
• نصر الله لرسله ثابت عندما تكذبهم أممهم.
Пайгамбарларды өз элдери жалганга чыгарышканда Аллахтын аларга жардамы келип, жеңишке жеткизген.