Аллах ага жооп кылып айтты: «Сен дагы ушундай кылгансың, дүйнө жашоосунда сага Биздин аяттарыбыз келгенде, андан баш тартып, аларды таштагансың. Ошол сыяктуу эле сен дагы бүгүн азапта ташталасың».
Мына ушундай жаза менен Биз арам кылган напсинин кызыкчылыктарына берилип кеткендерди жана Раббиси тараптан келген ачык-айкын далилдерге ыйман келтирбегендерди жазалайбыз. Акыреттеги Аллахтын азабы – бул дүйнөдөгү жана кабырдагы тар жашоодон да коркунучтуу, оор жана түбөлүк.
Биз алардан мурун жок кылган көптөгөн коомдордун кабары белгилүү болгон жокпу?! Алар кыйраган коомдордун жашаган жайларында басып жүрүшөт го, алар дуушар болгон нерсенин белгилерин көрүп жатышат го?! Чындыгында ошол көптөгөн коомдордун кыйрап жок болушунда акыл ээлери үчүн үлгү-насааттар бар.
Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң тараптан “Аллах далил алып келбестен туруп эч кимди азаптабайт” деген сөз жана Анын алдында алар үчүн белгиленген мөөнөт болбогондо, анда алар татыктуу болгон азапты тездетмек.
Оо, пайгамбар! Сага карата жалган сыпаттарды айтып жаткан жалганчылардын сөздөрүнө сабыр кыл! Аллахтын алдындагы сен ыраазы болгон соопторго жетиш үчүн күн чыкканга чейинки багымдат намазында, күн батканга чейинки асыр намазында, түн убактыларындагы шам менен куптан намаздарында, күндүздүн биринчи тарабынан кийин күн төбөдөн оогондогу бешим намазында, күндүздүн экинчи тарабы бүткөндөн кийин шам намазында Раббиңе мактоолорду айтып аруула!
Биз сыноо максатта кээ бир жалганчылар үчүн кылган бул дүйнө жашоосунун кооздуктарынан болгон жыргалчылыктарга назар салба! Чындыгында Биз аларга кылган нерселер убактылуу. Ал эми сени ыраазы кылып убада кылган Раббиңдин сообу — бул дүйнөдө аларга берилген убактылуу жыргалчылыктардан жакшыраак жана түбөлүктүү.
Оо, пайгамбар! Үй-бүлөңдү намаз окууга буюр жана сен дагы аны аткарууга сабырдуу бол! Биз сенден өзүң жана башкалар үчүн ырыскы сурабайбыз. Сенин ырыскыңа Биз Өзүбүз кепилбиз. Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги мактоого татыктуу акыбет –Аллахтан корккон, Анын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыба адамдар үчүн.
Пайгамбарды жалганга чыгарган ал каапырлар: «Мухаммад бизге Раббиси тараптан анын чынчылдыгын жана пайгамбар экендигин далилдеген керемет алып келсе кана?!» — дешти. Ал жалганчыларга асмандан түшкөн мурунку китептерди тастыктаган Куран келди го?!
Эгер Биз пайгамбарды жалганга чыгарган ал жалганчыларды каапырлыктары жана баш ийбестиктери үчүн аларга пайгамбар жибергенге же китеп түшүргөнгө чейин эле азап жибергенибизде, анда алар кыяматта каапырлыктары үчүн кечирим сурап: «Оо, Раббибиз! Дүйнө жашоосунда бизге пайгамбар жибергениңде, Биз ага ыйман келтирип, Сенин азабың себептүү кордукка туш болгонго чейин ал алып келген аяттарга ээрчимекпиз го?!» – деп айтышмак.
Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Баардыгыбыз Аллахтын көргөзгөнүн күтөлү. Силер дагы күткүлө! Жакында силер менен биздин кимибиз туура жолдо экендигинин сөзсүз билесиңер».
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• من الأسباب المعينة على تحمل إيذاء المعرضين استثمار الأوقات الفاضلة في التسبيح بحمد الله.
Туура жолдон баш тарткандардын берген зыяндарына чыдоого жардам берген себептерден —баалуу убакыттарды Аллахка мактоолорду айтып аруулоо менен өткөрүү.
• ينبغي على العبد إذا رأى من نفسه طموحًا إلى زينة الدنيا وإقبالًا عليها أن يوازن بين زينتها الزائلة ونعيم الآخرة الدائم.
Эгерде пенде өзүнөн дүйнө кооздуктарына берилип баратканын байкаса, анда ал бул убактылуу дүйнөнүн кооздуктары менен акыреттин түбөлүк жыргалчылыгын таразалап көрсүн.
• على العبد أن يقيم الصلاة حق الإقامة، وإذا حَزَبَهُ أمْر صلى وأَمَر أهله بالصلاة، وصبر عليهم تأسيًا بالرسول صلى الله عليه وسلم.
Пендеге намазды талаптагыдай толук окуу милдет. Башына иш түшсө намаз окусун, үй-бүлөсүн намазга буйрусун жана пайгамбарды ээрчип сабыр кылсын.
• العاقبة الجميلة المحمودة هي الجنة لأهل التقوى.
Мактоого татыктуу болгон жакшы акыбет – такыбалар үчүн болгон бейиш.