ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

سورة التكاثر - Такaаcур

من مقاصد السورة:
تذكير المتكاثرين واللاهين بالدنيا بالقبور والحساب.
Дүнүйөгө берилип, ырахатка баткандарга кабырды жана эсеп-кысап болор күндү эскертүү. info

external-link copy
1 : 102

أَلۡهَىٰكُمُ ٱلتَّكَاثُرُ

Оо, адамдар! Мал-мүлк жана бала-чака менен мактануу силерди Аллахка моюн сунуудан алаксытып койду. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 102

حَتَّىٰ زُرۡتُمُ ٱلۡمَقَابِرَ

Силер өлүп, кабырга киргенге чейин. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 102

كَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ

Аны менен мактануу Аллахка моюн сунуудан силерди алаксытпаш керек болчу. Силер ошол алек болгонуңардын акыбетин жакында билесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 102

ثُمَّ كَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ

Кийин анын акыбетин дагы билесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 102

كَلَّا لَوۡ تَعۡلَمُونَ عِلۡمَ ٱلۡيَقِينِ

Чындыгында силер Аллахка тирилип барарыңарды жана иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын аларыңарды чындап билгениңерде, анда силер мал-мүлк жана бала-чаканы айтып мактануу менен алек болбойт элеңер. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 102

لَتَرَوُنَّ ٱلۡجَحِيمَ

Аллахка ант болсун! Силер кыямат күнү тозокту сөзсүз көрөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 102

ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيۡنَ ٱلۡيَقِينِ

Андан соң силер аны эч кандай шек-күмөнү жок анык көрөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 102

ثُمَّ لَتُسۡـَٔلُنَّ يَوۡمَئِذٍ عَنِ ٱلنَّعِيمِ

Андан соң ал күнү Аллах силерге берген ден-соолук, байлык жана башка жакшылыктар тууралуу сөзсүз сурак алат. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• خطر التفاخر والتباهي بالأموال والأولاد.
Байлык жана бала-чака менен мактануунун коркунучу. info

• القبر مكان زيارة سرعان ما ينتقل منه الناس إلى الدار الآخرة.
Кабыр – адамдар жакын арада акырет жайына көчүп бара турган зыярат жайы. info

• يوم القيامة يُسْأل الناس عن النعيم الذي أنعم به الله عليهم في الدنيا.
Кыямат күнү адамдар бул дүйнөдө Аллахтын аларга берген жакшылыктары жөнүндө суралат. info

• الإنسان مجبول على حب المال.
Инсан табиятынан байлыкты сүйөт. info