ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

سورة يونس - Юнус

من مقاصد السورة:
تقرير النبوة بالأدلة، ودعوة المكذبين للإيمان مع تهديدهم بالعذاب.
Пайгамбарлыкты далилдери менен баяндоо жана жалганга чыгаруучуларды азап менен коркутуп, ыйманга чакыруу. info

external-link copy
1 : 10

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡحَكِيمِ

Алиф, Лам, Ра. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган. Бул сүрөөдөгү окулган мына ушул аяттар — ачык-айкын, өтө так жана өз ичине даанышмандык менен өкүмдөрдү камтыган Куран аяттары. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 10

أَكَانَ لِلنَّاسِ عَجَبًا أَنۡ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ رَجُلٖ مِّنۡهُمۡ أَنۡ أَنذِرِ ٱلنَّاسَ وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنَّ لَهُمۡ قَدَمَ صِدۡقٍ عِندَ رَبِّهِمۡۗ قَالَ ٱلۡكَٰفِرُونَ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٞ مُّبِينٌ

Адамдарга Аллаxтын азабын эскерткин деп өздөрүнөн бир адамга ваxий түшүргөнүбүз аларды таң калдырып жатабы? Эй, Пайгамбар! Аллахка ыйман келтиргендерди сүйүндүргөн нерселер туурасында аларга кабар бер. Алардын кылган жакшы иш-аракеттеринин сыйлыгы катары алар Раббисинин алдында улуу даражага ээ болушат. Каапырлар: Чындыгында, бул аяттарды алып келген адам анык сыйкырчынын өзү, – дешти. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 10

إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۖ مَا مِن شَفِيعٍ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ إِذۡنِهِۦۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Эй, таң калгандар! Чындыгында, силердин Раббиңер асмандарды ушунчалык чоң кылып, жерди да ушунчалык кең кылып алты күндө жаратып, кийин Аршка көтөрүлдү. Эми кантип силердин араңардан бир адамды пайгамбар кылып жөнөткөнүнө таң калып жатасыңар? Ал Жалгыз Өзү кең падышалыгында каалагандай өкүм жүргүзүп башкарат. Анын алдында эч ким Анын уруксатын ыраазылыгын албай туруп эч кимге шапаат кыла албайт. Мына бул сыпаттар менен сыпатталган Зат - Ал силердин Раббиңер Аллах. Анын жалгыз Өзүнө гана чын ыкластан ибадат кылгыла. Анын Жалгыздыгын көрсөткөн бул далилдерден үлгү-насаат албайсыңарбы? Кимде-ким бир аз да болсо үлгү алганда, анда ал Аллахтын жалгыздыгын таанып-билип жана Ага ыйман келтирмек. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 10

إِلَيۡهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقًّاۚ إِنَّهُۥ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ بِٱلۡقِسۡطِۚ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ شَرَابٞ مِّنۡ حَمِيمٖ وَعَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ

Кылган иштериңердин сыйлык-жазасын берүү үчүн кыямат күнү жалгыз Аллахтын Өзүнө гана кайтасыңар. Аллахтын адамдарга берген бул убадасы акыйкат жана Ал убадасын бузбайт. Чындыгында, Ал бул нерсеге кудуреттүү. Ал макулуктарды буга чейин эч нерсеге окшобогон көрүнүштө жаратып баштайт. Андан соң өлгөндөн кийин Аллахка ыйман келтирип, жакшы иш-аракеттерди кылган адамдарды адилеттүүлүк менен сыйлыктарын берүү үчүн кайра тирилтет. Алардын сооптору кемитилбейт жана күнөөлөрү дагы көбөйтүлбөйт. Ал эми Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго ичегилерин үзүп кетүүчү өтө ысык, кайнак суу бар. Жана Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондору себептүү алар үчүн жан оорутуучу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 10

هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ ٱلشَّمۡسَ ضِيَآءٗ وَٱلۡقَمَرَ نُورٗا وَقَدَّرَهُۥ مَنَازِلَ لِتَعۡلَمُواْ عَدَدَ ٱلسِّنِينَ وَٱلۡحِسَابَۚ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ ذَٰلِكَ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۚ يُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ

Ал Аллах күндү жарык чачкан жана жарыгын ар тарапка тарай турган кылып жаратты. Ал эми айды нур кылып, анын нурун пайдалануу үчүн жаратты. Жана айга жыйырма сегиз орунду белгиледи. Бир орундун аралыгы ар бир күн-түндүн өтүүсү менен өлчөнөт. Эй, адамдар! Минтип белги койгондун себеби, силер күн менен күндөрдүн санын жана ай менен айлар жана жылдардын санын билишиңер үчүн кылынган. Аллах таала Өз кудуретин жана улуулугун адамдарга көрсөтүү үчүн асмандар менен жерди жана андагы нерселерди акыйкат менен жаратты. Аллах Өзүнүн жалгыздыгын көрсөткөн ачык-айкын далилдерди, Аллахтын жалгыздыгына далил келтиргенди билген адамдар үчүн мына ушундай кылып баяндайт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 10

إِنَّ فِي ٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَّقُونَ

Чындыгында, түн менен күндүздүн бири-биринин артынан келүүсүндө, буларга карангылык менен ай жарыгынын бирге коштолуусунда, түн менен күндүздүн бири кыска бири узун болуусунда, асмандарда жана жердеги макулуктарда Аллахтан корккон, Анын буйруктарын аткарган жана тыйгандарынан алыс болгон адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүн көрсөткөн аят-белгилер бар. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• إثبات نبوة النبي صلى الله عليه وسلم وأن إرساله أمر معقول لا عجب فيه .
Пайгамбардын, пайгамбар экени тастыкталып бекемделиши жана анын пайгамбар болуп жөнөтүлгөнү эч кандай таң калышты жаратпаган акылга сыйган эле иш. info

• خلق السماوات والأرض ومن فيهما، وتدبير الأمر، وتقدير الأزمان واختلاف الليل والنهار كلها آيات عظيمة دالة على ألوهية الله سبحانه.
Асмандардын, жердин жана андагы нерселердин жаратылуусу, иштердин тартиптелүүсү, убакыттардын өлчөлүүсү, түн менен күндүздүн бири-биринин артынан алмашып туруусу булардын баарысы Аллах тааланын Кудай экенине далил болгон чоң аят-белгилер. info

• الشفاعة يوم القيامة لا تكون إلا لمن أذن له الله، ورضي قوله وفعله.
Кыямат күнү шапаат кылуу мүмкүнчүлүгү, Аллах уруксат берип, сөздөрүнөн жана иш-аракеттеринен ыраазы болгон адамдарга гана берилет. info

• تقدير الله عز وجل لحركة الشمس ولمنازل القمر يساعد على ضبط التاريخ والأيام والسنين.
Аллах күндүн жылышына жана айдын орундарга жылганына өлчөм койгонунда адамдарга убакытты, күндөрдү жана жылдарды белгилөөлөрүнө жардам берет. info