ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية - شمس الدين حكيموف

سورة الأعلى - Аьaла

external-link copy
1 : 87

سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى

Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 87

ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ

Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 87

وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ

Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 87

وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ

Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып, info
التفاسير:

external-link copy
5 : 87

فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ

андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 87

سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ

(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 87

إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ

Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 87

وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ

Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.[1] info

[1] Аяттагы “оңой жол” – бул Ислам дини. Ислам дини диндердин арасындагы эң жеңил, эң оңой дин. Аны үйрөнүү да, үйрөтүү да, аны менен жашоо да жеңил. Анын ибадаттары да жеңил.

التفاسير:

external-link copy
9 : 87

فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ

Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 87

سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ

(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 87

وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى

Шордуу адам болсо андан качат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 87

ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ

Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 87

ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ

Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт! info
التفاسير:

external-link copy
14 : 87

قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ

Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти! info
التفاسير:

external-link copy
15 : 87

وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ

Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти). info
التفاسير:

external-link copy
16 : 87

بَلۡ تُؤۡثِرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا

Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 87

وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓ

Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 87

إِنَّ هَٰذَا لَفِي ٱلصُّحُفِ ٱلۡأُولَىٰ

Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 87

صُحُفِ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ

Ибрахимдин жана Мусанын барактарында. info
التفاسير: