[1] Худ пайгамбардын коому "Аад" деп аталып, башка элдерден олбурлуу денелери, күч-кубаты менен айырмаланып турган. Билген адамга ушунун өзү деле эң зор жакшылык.
[1] Худ өз коомуна: “Эгер жалгыз Аллахтын ибадатына кайтпасаңар башыңарга Аллахтын балээси түшөт” деген болчу. Каапырлар бул насаатты угуунун ордуна кайра “балээңди алып келбейсиңби?” деп келекелешип, өздөрү сыйынган таштардын да кудай экенин талашып, ширк иштеринен кайтышпады. Мунун натыйжасында Аллах таала аларга катуу бороон-шамал жиберип, бирин калтырбай, жексен кылды! Алардан урпак, бала-чака тургай, изи да калбады!
[1] Ошентип, Аллах Самуд коомун төө менен сынады. Аны “Аллахтын төөсү” деп атап, элдерге ага эч жамандык кылбоону буюрду. Ошол жерде бир булак бар эле. Келишим боюнча андан бир күн Самуд коому, бир күн Аллахтын төөсү иче турган…