(Мушриктер) Аллахга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.[1]
[1] Араб мушриктеринин арасында жиндерди кудай кылып сыйынгандар болгон. Дагы башка мушриктер (христиандар) “Аллахтын уулу бар” деп, мушриктерден дагы бир тайпасы “периштелер Аллахтын кыздары” деп ишенишкен.