“Биздин арабыздагы Аллах жакшылык бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберленип) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллах көбүрөөк Билүүчү эмеспи?!
Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Силерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, кийин тообо кылып, жакшы иштерди жасаса, албетте, Ал (Аллах) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын.
Айткын: “Мен, Аллахтан башка силер жалбарып, дуба кыла турган нерселерге (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, туура жолду тапкандардан болбой калам”.
Айткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты сүйлөйт. Ал эң жакшы ажырым кылуучу.
Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар.