Ал эми, (Аллахка таза) ыйман келтирип, жакшы иштерди (Аллахтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллах соопторун толуктап берет жана Өзүнүн артыкчылыгынан да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.