ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية - شمس الدين حكيموف

رقم الصفحة:close

external-link copy
30 : 3

يَوۡمَ تَجِدُ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا عَمِلَتۡ مِنۡ خَيۡرٖ مُّحۡضَرٗا وَمَا عَمِلَتۡ مِن سُوٓءٖ تَوَدُّ لَوۡ أَنَّ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَهُۥٓ أَمَدَۢا بَعِيدٗاۗ وَيُحَذِّرُكُمُ ٱللَّهُ نَفۡسَهُۥۗ وَٱللَّهُ رَءُوفُۢ بِٱلۡعِبَادِ

(Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. (Билип койгула), Аллах Өзүнөн силерди эскертет. Аллах - пенделерге Мээримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 3

قُلۡ إِن كُنتُمۡ تُحِبُّونَ ٱللَّهَ فَٱتَّبِعُونِي يُحۡبِبۡكُمُ ٱللَّهُ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Айт: "Эгер Аллахты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү". info
التفاسير:

external-link copy
32 : 3

قُلۡ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَۖ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Айт: "Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз бурушса, Аллах каапырларды сүйбөйт! info
التفاسير:

external-link copy
33 : 3

۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰٓ ءَادَمَ وَنُوحٗا وَءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ وَءَالَ عِمۡرَٰنَ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Албетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарлык үчүн) тандап алды.[1] info

[1] Куранда эскерилген бардык пайгамбарлар аталган улуктардын урук-урпактарынан чыккан. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы Ибрахим алейхи саламдын уулу Исмаил алейхи саламдын урпактарынан.

التفاسير:

external-link copy
34 : 3

ذُرِّيَّةَۢ بَعۡضُهَا مِنۢ بَعۡضٖۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Алар бир-бирөөлөрүнө жек-жаат (болгон адамдар) эле. Аллах Угуучу, Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 3

إِذۡ قَالَتِ ٱمۡرَأَتُ عِمۡرَٰنَ رَبِّ إِنِّي نَذَرۡتُ لَكَ مَا فِي بَطۡنِي مُحَرَّرٗا فَتَقَبَّلۡ مِنِّيٓۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

(Оо, Мухаммад эстегин, бир кезде) Имрандын аялы айтты: "Оо, Раббим! Мен ичимдеги баламды Сага, (дүйнө иштеринен үзүлгөн кызматчы катарында) назир кылдым (арнадым). Менден кабыл кыл! Өзүң Угуучу, Билүүчүсүң!" info
التفاسير:

external-link copy
36 : 3

فَلَمَّا وَضَعَتۡهَا قَالَتۡ رَبِّ إِنِّي وَضَعۡتُهَآ أُنثَىٰ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا وَضَعَتۡ وَلَيۡسَ ٱلذَّكَرُ كَٱلۡأُنثَىٰۖ وَإِنِّي سَمَّيۡتُهَا مَرۡيَمَ وَإِنِّيٓ أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ ٱلرَّجِيمِ

Ал ичиндегисин төрөгөн соң (эркек болбогонуна өкүнүп) “Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм” деди. Чынында, Аллах анын эмне төрөгөнүн жана (көпчүлүк) эркек(тер) (ушул төрөлгөн) ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. (Ал дагы сөзүн улады): “Мен ага “Марям” деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, Сага жалбарамын”. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 3

فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٖ وَأَنۢبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنٗا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّاۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيۡهَا زَكَرِيَّا ٱلۡمِحۡرَابَ وَجَدَ عِندَهَا رِزۡقٗاۖ قَالَ يَٰمَرۡيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَٰذَاۖ قَالَتۡ هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ إِنَّ ٱللَّهَ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٍ

Раббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө - михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “Оо, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллахтын алдынан. Албетте, Аллах Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди. info
التفاسير: