(Жана Биз) Карун, Фараон, Хамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллахтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду.
Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллах зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
Аллахтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт.[1] Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү.
[1] Жөргөмүштүн желе-уясы аны зыяндан сактай албаганы сыяктуу мушриктердин кудайлары да аларды эч кандай зыяндан сактай албайт.
(Оо, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Куранды адамдарга) окуп бер жана намазды (толук түрдө) тургуз. Чынында, намаз бузук жана жамандык иштерден кайтарат. Аллахты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллах силердин эмне жасаганыңарды билип турат.