《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译

页码:close

external-link copy
107 : 9

وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مَسۡجِدٗا ضِرَارٗا وَكُفۡرٗا وَتَفۡرِيقَۢا بَيۡنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَإِرۡصَادٗا لِّمَنۡ حَارَبَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ مِن قَبۡلُۚ وَلَيَحۡلِفُنَّ إِنۡ أَرَدۡنَآ إِلَّا ٱلۡحُسۡنَىٰۖ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ

Эки жүздүүлөрдүн арасында дагы ушундай адамдар бар, алар Аллахка баш ийбестик үчүн мечит курушту. Алар муну мусулмандарга зыян бериш үчүн, эки жүздүүлөрдү кубаттандыруу менен каапырлыкты ачыкка чыгарыш үчүн, ыймандууларды бөлүп жарыш үчүн, ошондой эле мечит курулганга чейин Аллах жана Анын элчиси менен душмандашкандарды күтүп, согушка камдануу үчүн гана курушту. Ошол эки жүздүүлөр силерге касам ичишип: «Биздин көздөгөнүбүз – мусулмандарга жакшылык каалоо гана болчу» – дешет. Алар бул айткан сөздөрүндө жалганчылар экенине Аллах Өзү күбө. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 9

لَا تَقُمۡ فِيهِ أَبَدٗاۚ لَّمَسۡجِدٌ أُسِّسَ عَلَى ٱلتَّقۡوَىٰ مِنۡ أَوَّلِ يَوۡمٍ أَحَقُّ أَن تَقُومَ فِيهِۚ فِيهِ رِجَالٞ يُحِبُّونَ أَن يَتَطَهَّرُواْۚ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُطَّهِّرِينَ

Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөр сени ушул сыпаттагы мечитте намаз окууга чакырса, аларга жооп бербе! Чындыгында каапырлыктын үстүнө курулган бул мечитке караганда тээ башынан эле такыбалыктын үстүнө курулган Кубаа мечитинде намаз окуганың артыгыраак. Кубаа мечитинде ыпыластыктан жана дааратсыздыктан суу менен тазаланганды, ошондой эле кечирим суроо жана тообо кылуу менен күнөөлөрдөн тазаланганды сүйгөн эркектер бар. Аллах дааратсыздыктан, ыпыластыктан жана күнөөлөрдөн тазалангандарды жакшы көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 9

أَفَمَنۡ أَسَّسَ بُنۡيَٰنَهُۥ عَلَىٰ تَقۡوَىٰ مِنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٍ خَيۡرٌ أَم مَّنۡ أَسَّسَ بُنۡيَٰنَهُۥ عَلَىٰ شَفَا جُرُفٍ هَارٖ فَٱنۡهَارَ بِهِۦ فِي نَارِ جَهَنَّمَۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Аллахтын ыраазылыгын көздөп көптөгөн жакшылык иштерди жасап, Анын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштоо менен Ага болгон такыбалыктын үстүнө имарат курган адамдар – мусулмандарга зыян бериш үчүн, каапырлыкты күчөтүш үчүн жана ыймандууларды бөлүп жарыш үчүн мечит курган адамдар менен кантип тең болушсун?! Алар эч качан тең болушпайт! Биринчиси кыналып курулган бекем имарат сыяктуу. Аны кулап калат деп коркпойсуң. Ал эми тигиниси болсо жардын кырына салынган имарат сыяктуу. Ал акыры бузулуп кулайт. Ошону менен ал имараты тозоктун түбүнө урап түшөт. Аллах каапырлык жана эки жүздүүлүк кылган залымдардын иштерин оңунан чыгарбайт. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 9

لَا يَزَالُ بُنۡيَٰنُهُمُ ٱلَّذِي بَنَوۡاْ رِيبَةٗ فِي قُلُوبِهِمۡ إِلَّآ أَن تَقَطَّعَ قُلُوبُهُمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Алар зыян бериш үчүн курушкан мечити жүрөктөрүндө өчпөгөн эки жүздүүлүк бойдон кала берди. Бул абал алар кылыч менен өлтүрүлүп же өлүм келип жүрөктөрү тытылып кеткенге чейин уланат. Аллах пенделери кылган иштерин Билүүчү жана жакшылыкка сыйлык, жамандыкка жазаны өкүм кылууда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
111 : 9

۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱشۡتَرَىٰ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَنفُسَهُمۡ وَأَمۡوَٰلَهُم بِأَنَّ لَهُمُ ٱلۡجَنَّةَۚ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَيَقۡتُلُونَ وَيُقۡتَلُونَۖ وَعۡدًا عَلَيۡهِ حَقّٗا فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ وَٱلۡقُرۡءَانِۚ وَمَنۡ أَوۡفَىٰ بِعَهۡدِهِۦ مِنَ ٱللَّهِۚ فَٱسۡتَبۡشِرُواْ بِبَيۡعِكُمُ ٱلَّذِي بَايَعۡتُم بِهِۦۚ وَذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Чындыгында ыймандуулардын жандары Аллахтын мүлкү болсо дагы Ал Өз айкөлдүгү менен бейишти берип алардын жандарын кымбат баага сатып алды. Анткени алар Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн каапырлар менен согушту. Алар каапырларды өлтүрүштү жана каапырлардын колунан өлүштү. Бул үчүн Аллах аларга Мусанын китеби Тооратта, Исанын китеби Инжилде, Мухаммаддын китеби Куранда чыныгы убада берди. Ал эми убаданы аткарууда Аллахтан өткөн эч ким жок. Эй, ыймандуулар! Аллах менен кылган соодаңарга сүйүнгүлө! Силер бул аркылуу чоң киреше таптыңар. Мына ушул соодаңар – эң чоң ийгилик. info
التفاسير:
这业中每段经文的优越:
• محبة الله ثابتة للمتطهرين من الأنجاس البدنية والروحية.
Аллах руханий жана дене ыпыластарынан тазаланган адамдарды сүйөт. info

• لا يستوي من عمل عملًا قصد به وجه الله؛ فهذا العمل هو الذي سيبقى ويسعد به صاحبه، مع من قصد بعمله نصرة الكفر ومحاربة المسلمين؛ وهذا العمل هو الذي سيفنى ويشقى به صاحبه.
Ар бир кылган ишинде Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн адам менен каапырлыкты колдоп, мусулмандар менен согушкан адам бирдей эмес. Биринчисинин кылган иштери түбөлүк калат жана аны бактылуулукка жеткирет. Экинчисинин кылган иштери убактылуу калат жана аны бактысыздыкка алып барат. info

• مشروعية الجهاد والحض عليه كانت في الأديان التي قبل الإسلام أيضًا.
Исламга чейинки диндерде да Аллах жолунда согушуу жана ага кызыктыруу уруксат болгон. info

• كل حالة يحصل بها التفريق بين المؤمنين فإنها من المعاصي التي يتعين تركها وإزالتها، كما أن كل حالة يحصل بها جمع المؤمنين وائتلافهم يتعين اتباعها والأمر بها والحث عليها.
Мусулмандарды бөлүп жарууга алып барган кандай абал болбосун, ал күнөө болуп эсептелет. Аны таштоо жана жок кылуу милдет болот. Ошол сыяктуу эле мусулмандарды биримдикке алып барган кандай абал болбосун, аны аткаруу жана буйруу милдет болот. info