《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译

external-link copy
118 : 11

وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ لَجَعَلَ ٱلنَّاسَ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗۖ وَلَا يَزَالُونَ مُخۡتَلِفِينَ

Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң каалаганда, адамдардын баарын акыйкат жолунда жүргөн бир үммөт кылып коймок. Бирок Ал андай болушун каалабады. Алар душмандык кылгандыктары жана өз каалоолорун ээрчиген себептүү ал нерседе талашып тартышып жатышат. info
التفاسير:
这业中每段经文的优越:
• بيان الحكمة من القصص القرآني، وهي تثبيت قلب النبي صلى الله عليه وسلم وموعظة المؤمنين.
Курандагы окуяларды баяндоонун даанышмандуулугу. Ал даанышмандык – пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жүрөгүн бекемдөө жана момундарга эскертме болгон. info

• انفراد الله تعالى بعلم الغيب لا يشركه فيه أحد.
Аллах таала гана кайып илимди билет. Ага эч ким шерик боло албайт. info

• الحكمة من نزول القرآن عربيًّا أن يعقله العرب؛ ليبلغوه إلى غيرهم.
Куран араб тилинде түшүүнүн даанышмандуулугу арабдар акыл жүгүртүп башкаларга жеткирүү болгон. info

• اشتمال القرآن على أحسن القصص.
Куран эң сонун окуяларды камтыган Китеп. info