[1] Бул улук аят Аллах жана Анын пайгамбарын сүйүү жана аларды сүйүүнү ар кандай адамдын сүйүүсүнөн жогору коюуунун важып (зарыл, милдет) экенине далил болот. Кээ бир мусулмандар Аллах менен пайгамбарын сүйүү кандай болоорун түшүнүшпөйт же өтө эле жөнөкөй түшүнүшөт. Аллах менен пайгамбарын сүйүүнүн мааниси ал экөөсүнүн буйруктарын ар кандай адамдын буйругунан жогору коюууну, Аллах жиберген жана пайгамбар алып келген диндин кызыкчылыгын ар кандай кызыкчылыктан жогору коюуну түшүндүрөт. Сахабалар Аллахтын Динин жогору кылуу үчүн (Аллахтын жолуна деп) суралганда малдарын гана эмес, жандарын да беришкен.
[1] Пайгамбарыбыз Меккени фатх кылган (өзүнө караткан) жылда, мусулмандарга каршы Хаваазин уруусу күч жыйнап жатканы жөнүндө угуп он эки миң аскер менен аларга каршы аттанат жана Мекке менен Медина ортосундагы Хунейн деген жерде эки аскер жолугушат. Мусулман аскерлеринин арасында Исламга эми гана кирген Меккелик мусулмандар (кечээки мушриктер) көп эле. Алар жалпы эсеби төрт миң гана болгон душман аскерин тоотпой, өздөрүнүн көп сандуулугуна маашырланып, (жардам Аллахтан экенин унутуп) согушка киришет … Бирок, душмандын колу жогору келип, тыркырап кача башташат. Душмандын каршысында жүз чакты берилген сахабалар менен гана калган пайгамбарыбыз: “Мен качпаймын, мен чыныгы пайгамбар, Абдул-Мутталип деген каарман атам бар!” деп ураан чакырып, жалгыз өзү атынын башын душман тарапка буруп чабуулга өтөт. Муну көргөн абасы Аббас бин Абдул-Мутталиб мусулмандардын алдынан тосуп чыгып, “Эй, Бакара сүрөсүнүн эли, кайткыла!” деп, аларды кайтарып, бир адам сыяктуу тартипке салып, кайрадан чабуулга өтүшөт.