《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。

external-link copy
52 : 74

بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفٗا مُّنَشَّرَةٗ

Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1] info

[1] Каапырлар ушундай текебер болушат. Алар Курандын акыйкат экенин жокко чыгаруу үчүн ар кандай айла-амалдарды жасап, ар кандай доомат сөздөрдү айтышты. Эч бир майнап чыкпаган соң, Абу Жахл баш болгон мушриктер пайгамбарыбызга келип: “Эй, Мухаммад, эгер сен чын пайгамбар болсоң, Раббиңе айткын, биздин ар бирибизге бирден китеп жиберсин жана анда “Мен чыны менен Мухаммадды силерге элчи кылып жибергенмин” деген жазуу болсун” деп талап кылышты. (Куртубий).

التفاسير: