《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。

Хакка

external-link copy
1 : 69

ٱلۡحَآقَّةُ

Ал – Хаакка! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 69

مَا ٱلۡحَآقَّةُ

«Ал – Хаакка» дегени эмне?! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 69

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحَآقَّةُ

(Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?[1] info

[1] «Аль-Хаакка» (Акыйкатта болуучу) Кыяматтын бир нече атактуу ысымдарынын бири. Кыямат кайымдын мындан башка да «Аль-Кариьа” (Катуу согуучу), “Аль-Ваакеьа” (Окуя), “Ат-Тоомма” (Чоң апаат), “Ас-Соохха” (Катуу добуш), Ас-Сааьа” (Саат) ж.б.у.с. аталыштары дагы бар.

التفاسير:

external-link copy
4 : 69

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلۡقَارِعَةِ

«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.[1] info

[1] “Самуд” – бул Хижр деген жерде (Азыркы Саудияга караштуу аймак) жашаган илгерки бир уруунун аты. Аллах таала аларга Салих пайгамбарды жиберип, Аллахка, кыяматка ишенүүгө жана Өзүнүн пайгамбары көргөзгөндөй жашоого буюрган. Ал эми, “Аад” болсо Хазрамаут деген жерде жашаган илгерки уруунун аты. Аллах таала аларга Худ пайгамбарды жиберген.

التفاسير:

external-link copy
5 : 69

فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهۡلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ

Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 69

وَأَمَّا عَادٞ فَأُهۡلِكُواْ بِرِيحٖ صَرۡصَرٍ عَاتِيَةٖ

Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 69

سَخَّرَهَا عَلَيۡهِمۡ سَبۡعَ لَيَالٖ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومٗاۖ فَتَرَى ٱلۡقَوۡمَ فِيهَا صَرۡعَىٰ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٍ خَاوِيَةٖ

(Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 69

فَهَلۡ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٖ

Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?! info
التفاسير: