《古兰经》译解 - 吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。

Сафф

external-link copy
1 : 61

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал – Кудуреттүү, Даанышман! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 61

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفۡعَلُونَ

Оо, момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр?! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 61

كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ أَن تَقُولُواْ مَا لَا تَفۡعَلُونَ

Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллахтын алдында эң чоң күнөө![1] info

[1] Кээ бир мусулмандар каапырлардын зулумдугуна чыдабай кеткенде "Эх, качан Аллахтан согуш жөнүндө өкүм келээр экен" деп бейсабыр болушкан. Анан, убактысы жетип, Аллах тааладан жихадка чыккыла деген өкүм келгенде, жанагы "баатырлар" болбогур нерселерди шылтоолоп согуштан кара жанын калкалап калышты.

التفاسير:

external-link copy
4 : 61

إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلَّذِينَ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِهِۦ صَفّٗا كَأَنَّهُم بُنۡيَٰنٞ مَّرۡصُوصٞ

Аллах Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 61

وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ لِمَ تُؤۡذُونَنِي وَقَد تَّعۡلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡۖ فَلَمَّا زَاغُوٓاْ أَزَاغَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ

(Оо, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «Оо, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллахтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңер го!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллах дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт! info
التفاسير: