[1] Аллах Лавхул Махфузга жазган Өзүнүн илими менен бардык нерселердин катарында мүрзөгө коюлган дененин чирип, топурак болуп, жер анын канча бөлүгүн «жеп» салганынан өйдө билип турат.
[1] Акыйкатты жалганга чыгаруу үчүн алар оболу пайгамбарыбызды «сыйкырчы» дешти, анан эле пикирлерин өзгөртүп, «акын» дешти. Арадан көп өтпөй эле «жинди» деп доомат коюшту. Бирок, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам окуган Куран не сыйкырга, не ырга окшосо кана! Эгер жиндилер ошондой маанилүү сүйлөсө, ал сөздү сүйлөй албаган соолорду эмне деп айтса болот?! Кыскасы, Акыйкатка каршы болгон адамдар ар кайсы заманда болбосун ошолор сыяктуу түрлөнүп турат. Себеби, өзгөргүс, түрлөнгүс акыйкат бирөө эле. Ал – Курани Карим!