[1] Аллах таала ыймандуулардын арасынан бекем ишенимдегилерди тандап алуу үчүн жана Өзүнө гана белгилүү себептерден улам Иерусалимди убактылуу кыбыла кылып бергенде, өчөшкөн дин душмандары, пайгамбарга каршы чоң далил таап алгансып: "ал кантип Ибрахимдин дининдемин деп жүрөт? Анда Ибрахимдин жана Исмаилдин кыбласы (Кааба) бул жакта калып, Иерусалимге (Байтул Макдиске) карап намаз окуганы эмнеси - ыя?!" деп чуу көтөрүшкөн. Бирок, Аллах таала кыбыланы кайрадан Каабага буруп берүү менен яхуди, христиан жана мушриктерден турган дин душмандарынын "далилдерин" жокко чыгарды. Бирок, кээ бир жүрөгүндө былыгы бар залым адамдар тынчып калган жок. Себеби, аларга далил таасир этпейт. Яхудилер, мунафыктар жана мушриктер кыбыланы алмаштыруунун тегерегинде чынында, аябай чоң фитна чыгарып жиберишкен. Ошондуктан, Аллах бул маселени мусулмандарга өтө кылдаттык менен, кайра-кайра кайталап чечип берди жана дин душмандарынын ызы-чуусунан коркпой, Өзүнөн гана коркууга буюрду. Ошондо гана аларга Аллахтын жакшылыктары толук берилмек. Ошондо гана алар дин жолунда адашпай туура жүрүшмөк.