Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
3 : 65

وَيَرۡزُقۡهُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَحۡتَسِبُۚ وَمَن يَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِ فَهُوَ حَسۡبُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَٰلِغُ أَمۡرِهِۦۚ قَدۡ جَعَلَ ٱللَّهُ لِكُلِّ شَيۡءٖ قَدۡرٗا

Жана ага оюна келбеген тараптан ырыскы берет. Ким өз иштеринде Аллахка таянса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз буйругун ишке ашыруучу. Аны эч нерсе алсырата албайт жана Ал бир дагы нерсени өткөрүп жибербейт. Аллах ар бир нерсенин бүтө турган өлчөмүн белгилеп койгон. Кыйынчылыктын да өлчөмү бар, бакубатчылыктын да өлчөмү бар. Инсанда алардын бирөөсү эле дайым боло бербейт. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• خطاب النبي صلى الله عليه وسلم خطاب لأمته ما لم تثبت له الخصوصية.
Пайгамбардын кайрылуусу жекече экени тастыкталмайынча, жалпы үммөткө карата кайрылуу болуп эсептелет. info

• وجوب السكنى والنفقة للمطلقة الرجعية.
Күйөөсүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү бар талак алган аялдарды турак-жай менен камсыздоо жана аларды каржылоо милдет. info

• النَّدْب إلى الإشهاد حسمًا لمادة الخلاف.
Талаш-тартышты жөнгө салыш үчүн күбөлөрдү чакырууга үндөө. info

• كثرة فوائد التقوى وعظمها.
Такыбалыктын пайдаларынын көптүгү жана анын улуктугу. info