Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
11 : 65

رَّسُولٗا يَتۡلُواْ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ مُبَيِّنَٰتٖ لِّيُخۡرِجَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَمَن يُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ وَيَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ قَدۡ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ لَهُۥ رِزۡقًا

Ал эскертме – Анын элчиси. Ал Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин чынчыл деп тастыктагандарды жана жакшылык иштерди кылгандарды адашуунун караңгылыгынан туура жолдун нуруна чыгаруу үчүн эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарды окуп берет. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылса, Аллах аны хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал жакта түбөлүк калат. Аллах аны жыргалчылыгы бүтпөгөн бейишке киргизип, анын ырыскысын сонун кылып койду. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• عدم وجوب الإرضاع على الحامل إذا طلقت.
Кош бойлуу кезде талак берилген аялга бала эмизүү милдет эмес. info

• التكليف لا يكون إلا بالمستطاع.
Шарият милдеттерин жүктөө – аны аткарууга мүмкүн болгон нерселер менен гана болот. info

• الإيمان بقدرة الله وإحاطة علمه بكل شيء سبب للرضا وسكينة القلب.
Аллахтын кудуреттүлүгүнө жана Анын илими бүткүл нерсени өзүнө камтыйт деп ыйман келтирүү – канааттанууга жана жүрөктүн тынч алуусуна себеп. info