Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
5 : 64

أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ نَبَؤُاْ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَبۡلُ فَذَاقُواْ وَبَالَ أَمۡرِهِمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Оо, мушриктер! Силерге Нухтун коому, Аад, Самуд жана башка мурунку жалганчы каапыр коомдордун кабары келбедиби, алар дүйнөдө каапырлыктарынын жазасын тартышты, ал эми акыретте алар үчүн кыйноочу азап бар? Албетте! Ал аларга келди. Андыктан силер алардын ишинин акыбети кандай болгонунан сабак алгыла жана алардын башына түшкөн нерсе силерге да түшпөш үчүн Аллахка тообо кылгыла. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من قضاء الله انقسام الناس إلى أشقياء وسعداء.
Адамдардын бактылуу жана бактысыз болуп бөлүнгөнү Аллахтын тагдырынан. info

• من الوسائل المعينة على العمل الصالح تذكر خسارة الناس يوم القيامة.
Жакшылык иштерди кылууга жардам берген себептердин бири – кыямат күндөгү адамдардын жоготууга учураганын эстөө. info