Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
2 : 6

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن طِينٖ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلٗاۖ وَأَجَلٞ مُّسَمًّى عِندَهُۥۖ ثُمَّ أَنتُمۡ تَمۡتَرُونَ

Эй, адамдар, Ал кемчиликсиз Зат атаңар Адамды (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жаратканда силерди топурактан жаратты. Кийин дүйнө жашоосунда жашап турууңар үчүн силерге мөөнөт берди. анан кыямат күнү силерди кайра тирилтип чыгаруу үчүн Өзүнөн башка эч ким билбеген ажал мөөнөтүн берди. Ушундан кийин да Аллахтын кайра тирилтүүчү кудуретине ишенбей шектенесиңер. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• شدة عناد الكافرين، وبيان إصرارهم على الكفر على الرغم من قيام الحجة عليهم بالأدلة الحسية.
Каапырлардын өтө кежирдиги, аларга даана сезиле турган ачык-айкын далилдер көрсөтүлсө да каапырлыгын уланта берери баян кылынды info

• التأمل في سنن الله تعالى في السابقين لمعرفة أسباب هلاكهم والحذر منها.
Мурдагы коомдордун кыйратылып жок болгон себебин билип, андан сак болуу үчүн Аллах Тааланын мурдагыларга болгон сүннөт-жолуна ой жүгүртүү керек info

• من رحمة الله بعباده أن لم ينزل لهم رسولًا من الملائكة لأنهم لا يمهلون للتوبة إذا نزل.
Аллах Тааланын пенделерине болгон дагы бир ырайымы - аларга периштени элчи кылып түшүрбөгөнү, эгер түшүргөндө анда аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берилмек эмес. info