Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

Numero ng Pahina:close

external-link copy
12 : 47

إِنَّ ٱللَّهَ يُدۡخِلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَتَمَتَّعُونَ وَيَأۡكُلُونَ كَمَا تَأۡكُلُ ٱلۡأَنۡعَٰمُ وَٱلنَّارُ مَثۡوٗى لَّهُمۡ

Чындыгында Аллах Өзүнө жана Анын элчисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдыларынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар өз каалоолоруна ээрчип дүйнөдө жыргалчылыкка батышат. Алар айбандар жеген сыяктуу жешет. Алар курсактары менен жыныс мүчөлөрүнөн башка эч нерсени ойлонушпайт. Кыямат күнү тозок алардын кире турган турак-жайы болот. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 47

وَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ هِيَ أَشَدُّ قُوَّةٗ مِّن قَرۡيَتِكَ ٱلَّتِيٓ أَخۡرَجَتۡكَ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡ فَلَا نَاصِرَ لَهُمۡ

Сени элиң кууп чыккан Меккеден да күч-кубаттуу, байлыгы да, бала-чакасы да көп болгон мурунку коомдордун канчалаган шаарларын, алар пайгамбарларын жалганга чыгарышканда кыйратып жок кылдык. Аларга Аллахтын азабы келгенде аларды куткарган эч бир колдоочу болбоду. Эгерде Биз Мекке элин кыйратууну кааласак, эч ким Бизди алсырата албайт. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 47

أَفَمَن كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّهِۦ كَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُم

Раббиси тараптан ачык-айкын далилге ээ болуп, Ага илимдин негизинде сыйынган адам, шайтан ага жаман иштерин кооз кылып көргөзгөн жана айкелдерге сыйынуу, күнөөлөрдү кылуу, пайгамбарларды жалганга чыгаруу сыяктуу алардын напсилери каалаган нерселерди ээрчиген адам сыяктуу болуп калмак беле? info
التفاسير:

external-link copy
15 : 47

مَّثَلُ ٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۖ فِيهَآ أَنۡهَٰرٞ مِّن مَّآءٍ غَيۡرِ ءَاسِنٖ وَأَنۡهَٰرٞ مِّن لَّبَنٖ لَّمۡ يَتَغَيَّرۡ طَعۡمُهُۥ وَأَنۡهَٰرٞ مِّنۡ خَمۡرٖ لَّذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ وَأَنۡهَٰرٞ مِّنۡ عَسَلٖ مُّصَفّٗىۖ وَلَهُمۡ فِيهَا مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ وَمَغۡفِرَةٞ مِّن رَّبِّهِمۡۖ كَمَنۡ هُوَ خَٰلِدٞ فِي ٱلنَّارِ وَسُقُواْ مَآءً حَمِيمٗا فَقَطَّعَ أَمۡعَآءَهُمۡ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар кирет деп убада кылынган бейиштин сыпаты – ал жакта туруп калса да жыты жана даамын бузулбаган суу дарыялары бар, даамы өзгөрбөгөн сүт дарыялары бар, ичкендерге жагымдуу шарап дарыялары бар, кошулмалардан тазаланган бал дарыялары бар, ошондой эле алар каалагандай ар түрдүү мөмө-жемиштер бар. Булардан сырткары алар үчүн Аллах тараптан күнөөлөрүнө кечирим бар, аларды ал үчүн жазалабайт. Эми ушундай сыйлыкка ээ болгон адам менен тозокто кала турган адам тең болобу? Ал тозоктон эч качан чыкпайт, ага кайнак суу ичирилет, анын ысыктыгынан курсагындагы ичегилери үзүлүп кетет. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 47

وَمِنۡهُم مَّن يَسۡتَمِعُ إِلَيۡكَ حَتَّىٰٓ إِذَا خَرَجُواْ مِنۡ عِندِكَ قَالُواْ لِلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ مَاذَا قَالَ ءَانِفًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡ

Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн арасында сенин сөзүңдөн жүз буруп, кабыл албай уккандары бар. Качан алар сенин алдыңдан чыгышканда жүз буруп, билмексен болуп: «Ал жаңы эле сүйлөгөн сөзүндө эмне деп айтты?» – деп Аллах илим бергендерден сурашат. Аллах ошолордун жүрөктөрүнө мөөр басты. Ошондуктан аларга эч кандай жакшылык жетпейт жана алар өз каалоолорун ээрчүүсү аларды акыйкатка көр кылып койду. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 47

وَٱلَّذِينَ ٱهۡتَدَوۡاْ زَادَهُمۡ هُدٗى وَءَاتَىٰهُمۡ تَقۡوَىٰهُمۡ

Ал эми акыйкат жолго түшүп, пайгамбар алып келген нерсеге ээрчигендерди Раббиси алардын туура жолго түшүүсүн жана жакшылыкка карай ийгилигин дагы көбөйтөт жана аларды тозоктон сактаган иштерди аткарууну көңүлдөрүнө салып коёт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 47

فَهَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا ٱلسَّاعَةَ أَن تَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗۖ فَقَدۡ جَآءَ أَشۡرَاطُهَاۚ فَأَنَّىٰ لَهُمۡ إِذَا جَآءَتۡهُمۡ ذِكۡرَىٰهُمۡ

Каапырлар алдын ала билбестен туруп кыяматтын капыстан келишин гана күтүп жатышабы? Анын белгилери келип калды. Алардын бири пайгамбардын келиши жана Айдын бөлүнүүсү болду. Эгерде аларга кыямат келсе, алар кантип эскеришмек эле? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 47

فَٱعۡلَمۡ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مُتَقَلَّبَكُمۡ وَمَثۡوَىٰكُمۡ

Оо, пайгамбар! Билгиниң, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Аллахтан өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура жана ыймандуу эркектер менен аялдардын күнөөлөрү үчүн кечирим сура. Аллах силердин күндүздү иш-аракеттериңерди билет жана түнкү жайларыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• اقتصار همّ الكافر على التمتع في الدنيا بالمتع الزائلة.
Каапырдын бүткүл ой-пикири дүйнөдөгү убактылуу ырахаттарга жетүүгө гана чектелген. info

• المقابلة بين جزاء المؤمنين وجزاء الكافرين تبيّن الفرق الشاسع بينهما؛ ليختار العاقل أن يكون مؤمنًا، ويختار الأحمق أن يكون كافرًا.
Ыймандуулардын сыйлыгы менен каапырлардын жазасын салыштурууда алардын ортосундагы айырмачылык өтө чоң экендиги анык болот. Ошон үчүн акылдуу ыймандуу болууну тандайт, кем акыл каапыр болууну тандайт. info

• بيان سوء أدب المنافقين مع رسول الله صلى الله عليه وسلم.
Эки жүздүүлөрдүн пайгамбарга карата адепсиз мамилесин баяндоо. info

• العلم قبل القول والعمل.
Сөз айтардан жана иш-аракет кылардан алдын илим алуунун зарылдыгы. info