Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

Numero ng Pahina: 101:77 close

external-link copy
148 : 4

۞ لَّا يُحِبُّ ٱللَّهُ ٱلۡجَهۡرَ بِٱلسُّوٓءِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ إِلَّا مَن ظُلِمَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا

Аллах Таала жаман сөздөрдүн ашкере айтылуусун жактырбайт, ага ачуусу келет жана мындай сөздөрдү айткандардын акыбети жаман болорун убада кылган. Бирок кимдир бирөөдөн зыян көрүп, жапа чеккен адам ага карата жаман сөз айтса уруксат. Мисалы, залымдыгын айтып арызданса, же ага жаман дуба кылса, же анын айтканындай жооп кайтарса болот. А эгер зыян көргөн киши сабыр кылып унчукпай калса, бул андан да жакшы. Аллах Таала силердин ар бир сөзүңөрдү Угуучу, ниетиңерди Билүүчү, жаман сөз айтуудан жана аны максат кылуудан этиет болгула. info
التفاسير:

external-link copy
149 : 4

إِن تُبۡدُواْ خَيۡرًا أَوۡ تُخۡفُوهُ أَوۡ تَعۡفُواْ عَن سُوٓءٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوّٗا قَدِيرًا

Сөз менен болобу, иш менен болобу, айтор кандай жакшылык болбосун, аны ашкере кылсыңар да, жашыруун кылсыңар да, же силерге жасалган жамандыкты кечирип койсоңор; (Аллах силерди кечирет) анткени Аллах Таала чынында Кечиримдүү жана Кудуреттүү. Кечиримдүүлүк силердин кулкуңардан болсун, ошондо Аллах Таала да силерди кечирээр info
التفاسير:

external-link copy
150 : 4

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡفُرُونَ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيُرِيدُونَ أَن يُفَرِّقُواْ بَيۡنَ ٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيَقُولُونَ نُؤۡمِنُ بِبَعۡضٖ وَنَكۡفُرُ بِبَعۡضٖ وَيُرِيدُونَ أَن يَتَّخِذُواْ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا

Аллахка да, Анын элчисине да каапыр болгондор жана Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарларын жалганга чыгаруу менен Аллах жана Анын элчилеринин ортосун бөлүүнү каалагандар: элчилердин кээ бирине ыйман келтиребиз, кээ бирине ыйман келтирбейбиз дешет. Алар каапырлык менен ыймандын ортосунда бир жолду кармап, мына ушул жол менен ийгиликке жетебиз деп кыялданат. info
التفاسير:

external-link copy
151 : 4

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ حَقّٗاۚ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا

мына ушундай жолду тандап алгандар чыныгы каапырлар; анткени элчилердин кээ бирине каапыр болуу, бул Аллахка жана бардык элчилерге каапыр болуу деген сөз. Каапырларды кор кыла турган азапты Кыямат күнгө даярдап койгонбуз. Бул жаман акыбет алар Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирүүдө текеберленгени үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
152 : 4

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَلَمۡ يُفَرِّقُواْ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ أُوْلَٰٓئِكَ سَوۡفَ يُؤۡتِيهِمۡ أُجُورَهُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Аллахка ишенип, Аны Жалгыз деп тааныган, Ага эч нерсени шерик кылбаган жана Анын бардык элчилерин чындык деп ишенген, каапырлар сыяктуу ал элчилерди бири-биринен ажыратпастан баарына бирдей ишенген адамдар; мына ушундай адамдарга Аллах Таала жакында алардын ыйманы жана жакшы иштери үчүн чоң сооп-сый тартуулайт. Аллах Таала тообо кылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу info
التفاسير:

external-link copy
153 : 4

يَسۡـَٔلُكَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَن تُنَزِّلَ عَلَيۡهِمۡ كِتَٰبٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِۚ فَقَدۡ سَأَلُواْ مُوسَىٰٓ أَكۡبَرَ مِن ذَٰلِكَ فَقَالُوٓاْ أَرِنَا ٱللَّهَ جَهۡرَةٗ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ بِظُلۡمِهِمۡۚ ثُمَّ ٱتَّخَذُواْ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ فَعَفَوۡنَا عَن ذَٰلِكَۚ وَءَاتَيۡنَا مُوسَىٰ سُلۡطَٰنٗا مُّبِينٗا

Оо, элчи, яхудилер сенден сенин чын пайгамбар экениңдин белгиси катары, Муса пайгамбарга түшүрүлгөн сыяктуу, Куранды да толук бойдон дароо түшүрүп берүүңдү сурашат. Алардын бул кылыгын сен оор санаба, алардын мурдагылары Мусадан мындан да оор нерсени ьалып кылган. Алар Аллахты биздин көзүбүзгө көрсөт дешкен. Анан ушул кылгандарынын айынан алар чагылган уруп азапталды. Кийин аларды Аллах кайра тирилтти. Алар Аллах Тааланын жалгыздыгына, жаратууда да, ибадат кылууда да Аллах Жалгыз экенине ачык далил, белгилер келгенден кийин деле Аллахка ибадат кылбай, музоого сыйынып кетишти. Кийин алардын бул кылыгын да кечирдик. Мусага болсо коомуна көрсөтүүсү үчүн ачык-айкын белги-далилдерди бердик info
التفاسير:

external-link copy
154 : 4

وَرَفَعۡنَا فَوۡقَهُمُ ٱلطُّورَ بِمِيثَٰقِهِمۡ وَقُلۡنَا لَهُمُ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡبَابَ سُجَّدٗا وَقُلۡنَا لَهُمۡ لَا تَعۡدُواْ فِي ٱلسَّبۡتِ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا

Аларды эмне күтүп турганын билсин деп коркутуп, анан ант-убадасын алуу үчүн тоону алардын үстүнө көтөрдүк. Тоону алардын үстүнө көтөргөндөн кийин: эми ыйык үйгө (байт ал-мукаддаска) башыңарды ийип, сажда кылып киргиле дедик. Алар арты менен сойлоп киришти. Анан аларга: ишемби күнү балык уулоого чыгпагыла дедик. Бирок алардын кээ бирлери бул күнү уулоого чыгышты. Ушинтип алар менен бекем ант-убада алыштык, бирок бул убаданы алар бузушту info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• يجوز للمظلوم أن يتحدث عن ظلمه وظالمه لمن يُرْجى منه أن يأخذ له حقه، وإن قال ما لا يسر الظالم.
Зыян тарткан адам ушунусу менен өз акысын кайтарып алууну үмүт кылса, анда заалым тууралуу, анын көрсөткөн зыяны тууралуу айтса уруксат info

• حض المظلوم على العفو - حتى وإن قدر - كما يعفو الرب - سبحانه - مع قدرته على عقاب عباده.
Өч алууга же жаман сөздөрдү айтууга кудурети жетип турса да, андай кылбай кечирип жиберүү зыян көргөн киши үчүн жакшы, Аллах Таала да азаптоого кудурети жетип турса да кечирип жиберген сыяктуу info

• لا يجوز التفريق بين الرسل بالإيمان ببعضهم دون بعض، بل يجب الإيمان بهم جميعًا.
ыйман келтирип, ишенүүдө элчилерди бири-биринен ажыратуу болбойт, алардын баарына бирдей ыйман келтирип, ишенүү милдет info