Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
5 : 39

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۖ يُكَوِّرُ ٱلَّيۡلَ عَلَى ٱلنَّهَارِ وَيُكَوِّرُ ٱلنَّهَارَ عَلَى ٱلَّيۡلِۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمًّىۗ أَلَا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفَّٰرُ

Ал асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жаратты. Залымдар айткандай жөндөн-жөн эле жараткан жок. Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү түнгө киргизет. Алардын бири келсе, экинчиси кетет. Жана Күндү менен Айды моюн сундурду. Ал экөөсүнүн ар бири бул жашоо бүтө турган белгиленген убакытка чейин жүрөт. Чындыгында Ал Өз душмандарынан өч алган жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الداعي إلى الله يحتسب الأجر من عنده، لا يريد من الناس أجرًا على ما يدعوهم إليه من الحق.
Аллахка даават кылган адам сооп-сыйлыкты Андан гана үмүт кылат. Акыйкатка чакырганы үчүн адамдардан сыйлык күтпөйт. info

• التكلّف ليس من الدِّين.
Ашыкча убаракерчилик динден эмес. info

• التوسل إلى الله يكون بأسمائه وصفاته وبالإيمان وبالعمل الصالح لا غير.
Аллахка ортомчулук кылуу (тавассул) Анын ысым-сыпаттары, ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди ортого салуу менен гана болот. info