Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
34 : 2

وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰ وَٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Аллах таала периштелерди Адамга сый-урмат саждасын кылууну буйруганын, кийин алар Аллахтын буйругун аткарууга шашылып сажда кылышканын баяндады. Бирок жиндерден болгон Иблис гана кылган жок. Ал Аллахтын сажда кылууга болгон буйругуна каршы чыгып, Адамга текеберлик кылып сажда кылбады. Ошол себептүү Аллах таалага каапырлык кылгандардан болду. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الواجب على المؤمن إذا خفيت عليه حكمة الله في بعض خلقه وأَمْرِهِ أن يسلِّم لله في خلقه وأَمْرِهِ.
Эгер Аллахтын кээ бир жаратуусу менен буйругунун артындагы даанышман сыр пендеге белгисиз болсо, анда ыймандуу адам үчүн Аллахтын жаратуусу менен буйругунда Ага баш ийүү милдет болот. info

• رَفَعَ القرآن الكريم منزلة العلم، وجعله سببًا للتفضيل بين الخلق.
Ыйык Куран илимдин даражасын көтөрдү жана аны адамдардын ортосундагы артыкчылыкка себеп кылды. info

• الكِبْرُ هو رأس المعاصي، وأساس كل بلاء ينزل بالخلق، وهو أول معصية عُصِيَ الله بها.
Текеберлик – күнөөлөрдүн башы, адамдардын башына түшкөн бардык балээлердин башаты жана Аллахка кылынган эң биринчи күнөө. info