Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
169 : 2

إِنَّمَا يَأۡمُرُكُم بِٱلسُّوٓءِ وَٱلۡفَحۡشَآءِ وَأَن تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ

Чындыгында ал силерди жамандык иштерге жана чоң күнөөлөргө буйруйт, ошондой эле ишенимдерде жана шариятта Аллахтан же Анын элчилеринен келген илимден кабарсыз абалда силерди Аллахка карата жалган сүйлөөгө буйруйт. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• المؤمنون بالله حقًّا هم أعظم الخلق محبة لله؛ لأنهم يطيعونه على كل حال في السراء والضراء، ولا يشركون معه أحدًا.
Аллахка чындап ыйман келтиргендер – алар адамдардын ичинен Аллахты өтө жакшы көргөндөр. Анткени алар жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да, бардык абалдарда Аллахка баш ийишет, Ага эч кимди шерик кылышпайт. info

• في يوم القيامة تنقطع كل الروابط، ويَبْرَأُ كل خليل من خليله، ولا يبقى إلا ما كان خالصًا لله تعالى.
Кыямат күнү бардык байланыштар үзүлөт, дос досунан баш тартат, Аллах таала үчүн болгондору гана калат. info

• التحذير من كيد الشيطان لتنوع أساليبه وخفائها وقربها من مشتهيات النفس.
Шайтандын ыкмаларынын түрдүүлүгү, жашыруундугу жана напси каалоолоруна жакындыгы себептүү анын айла-амалдарынан эскертүү. info