Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
123 : 2

وَٱتَّقُواْ يَوۡمٗا لَّا تَجۡزِي نَفۡسٌ عَن نَّفۡسٖ شَيۡـٔٗا وَلَا يُقۡبَلُ مِنۡهَا عَدۡلٞ وَلَا تَنفَعُهَا شَفَٰعَةٞ وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ

Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыюуларын таштап, өзүңөр менен кыямат күндөгү азаптын ортосуна тосмо кылгыла. Анткени ал күндө эч бир жан башкага пайда келтире албайт, канчалык көп болсо да андан кун кабыл кылынбайт, канчалык даражасы бийик болсо да эч кимдин шапааты пайда бербейт жана ага Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أن المسلمين مهما فعلوا من خير لليهود والنصارى؛ فلن يرضوا حتى يُخرجوهم من دينهم، ويتابعوهم على ضلالهم.
Мусулмандар жөөттөр менен христиандарга канчалык жакшылык кылышпасын, аларды дининен чыгармайынча жана аларды адашууларында ээрчимейинче ыраазы болушпайт. info

• الإمامة في الدين لا تُنَال إلا بصحة اليقين والصبر على القيام بأمر الله تعالى.
Диндеги башчылык Аллахтын буйругун аткарууда туура ишенимди кармануу жана сабыр кылуу менен гана келет. info

• بركة دعوة إبراهيم عليه السلام للبلد الحرام، حيث جعله الله مكانًا آمنًا للناس، وتفضّل على أهله بأنواع الأرزاق.
Ибрахимдин ыйык шаарга кылган дубасынын берекеси. Анткени Аллах аны адамдар үчүн коопсуз жер кылды жана анын тургундарына жакшылык кылып түрдүү ырыскыларды берди. info