Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
5 : 19

وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا

Туугандарым дүнүйө менен алек болушкандыктан алар мен өлгөндөн кийин диндин милдеттерин аткарбай коюуларынан коркомун, менин аялым төрөбөйт жана тукумсуз. Андыктан мага жардамчы боло турган Өзүң тараптан перзент бере көр. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الضعف والعجز من أحب وسائل التوسل إلى الله؛ لأنه يدل على التَّبَرُّؤِ من الحول والقوة، وتعلق القلب بحول الله وقوته.
Алсыздык жана колдон келбегендик – бул Аллахка кайрылууда ортомчу кылына турган себептердин эң сүйүктүүлөрүнөн. Анткени бул абалда өзүнүн алсыз пенде экендигин моюндап, күч-кубаттуулукту Аллахка гана ыйгарып, Ага гана жүрөктүн байлануусуна алып барат. info

• يستحب للمرء أن يذكر في دعائه نعم الله تعالى عليه، وما يليق بالخضوع.
Адам дуба кылуусунда Аллахтын ага берген жакшылыктарын жана Аллахка баш ийүүсүнө ылайык келген сөздөрдү айтуусу жакшыраак. info

• الحرص على مصلحة الدين وتقديمها على بقية المصالح.
Диндин кызыкчылыгын аткарууга жана диндин кызыкчылыгын башка кызыкчылыктардын алдына коюуга умтулуу. info

• تستحب الأسماء ذات المعاني الطيبة.
Жакшы маанини билдирген ысымдарды коюу жакшы көрүлгөн иштерден болуп саналат. info