Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

external-link copy
78 : 12

قَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡعَزِيزُ إِنَّ لَهُۥٓ أَبٗا شَيۡخٗا كَبِيرٗا فَخُذۡ أَحَدَنَا مَكَانَهُۥٓۖ إِنَّا نَرَىٰكَ مِنَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Юсуфтун бир туугандары ага айтышты: «Оо, башчы! Бул баланын карып калган атасы бар. Ал муну аябай жакшы көрөт. Сен мунун ордуна бирөөбүздү алып кал. Чындыгында сенин бизге жана башкаларга кылган мамилеңден сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп билебиз. Бизге бир жакшылык кыла көр». info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• جواز الحيلة التي يُتَوصَّل بها لإحقاق الحق، بشرط عدم الإضرار بالغير.
Башкаларга зыян алып келбегендей шартта акыйкатты ишке ашырыш үчүн айла-амал колдонууга уруксат. info

• يجوز لصاحب الضالة أو الحاجة الضائعة رصد جُعْل «مكافأة» مع تعيين قدره وصفته لمن عاونه على ردها.
Бир нерсесин жоготкон адамга аны табууга жардам бергендерге сыпаты жана өлчөмү белгилүү болгон кызыктыруучу сыйлык коюуга уруксат. info

• التغافل عن الأذى والإسرار به في النفس من محاسن الأخلاق.
Ызаны ичке катуу жана аны жашыруу – адамдагы асыл сыпаттардан. info