Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kyrgyz ni Shamsuddin Hakimov

Абаса

external-link copy
1 : 80

عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ

(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,[1] info

[1] Сүрөнүн түшүү себеби төмөндөгүчө: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккенин этибарлуу байларын динге даават кылып отурганда, шариятка өтө берилген, өзүн ширктен жана башка чоң күнөөлөрдүн тазалаган Абдуллах ибн Умм-Мактум деген сокур киши келип, бир маселе сурайт. Ал пайгамбардын бош эмес экенин көрбөгөн. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам болсо, сөзүнүн бөлүнгөнүнө ачууланып, кабагын бүркөп, жооп бербей, байлар менен сүйлөшүүсүн улантат. Бирок, бул байлар жанагы сокур киши сыяктуу күнөө иштерден өздөрүн тазалабаган, динге өзү умтулуп келбеген кишилер эле. Аллах таала пайгамбарынын бул жоругунун ката экенин эскертип, аны жемелеп, ушул сүрөнү түшүргөн. «Абаса» «кабак бүркөдү», «маңдайын тырыштырды» деген мааниде.

التفاسير:

external-link copy
2 : 80

أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ

алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 80

وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ

(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 80

أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ

Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 80

أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ

Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде) info
التفاسير:

external-link copy
6 : 80

فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ

сен ошо(лор)го бурулуп алдың! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 80

وَمَا عَلَيۡكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ

(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 80

وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسۡعَىٰ

Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам… info
التفاسير:

external-link copy
9 : 80

وَهُوَ يَخۡشَىٰ

(Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 80

فَأَنتَ عَنۡهُ تَلَهَّىٰ

Сен андан алагды болуп калдың! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 80

كَلَّآ إِنَّهَا تَذۡكِرَةٞ

Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 80

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ

Ким кааласа – аны эскерет.[1] info

[1] Кийинки аяттарда Аллах таала бул аяттардын кадырын, пакизалыгын жана улуулугун баяндайт.

التفاسير:

external-link copy
13 : 80

فِي صُحُفٖ مُّكَرَّمَةٖ

(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да, info
التفاسير:

external-link copy
14 : 80

مَّرۡفُوعَةٖ مُّطَهَّرَةِۭ

(Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 80

بِأَيۡدِي سَفَرَةٖ

(Жана) периштелердин колунда. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 80

كِرَامِۭ بَرَرَةٖ

(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү) info
التفاسير:

external-link copy
17 : 80

قُتِلَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَآ أَكۡفَرَهُۥ

Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 80

مِنۡ أَيِّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥ

Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 80

مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ

Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 80

ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ

Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду[1] оңой кылып берди. info

[1] Дүйнө – тиричилик жолдорун оңой-жеңил кылды. Ал эми, кааласа диний багытта эң оңой, эң жеңил дин менен Аллахтын ыраазычылыгын таба турган кылды.

التفاسير:

external-link copy
21 : 80

ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقۡبَرَهُۥ

Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 80

ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ

Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 80

كَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ

Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 80

فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ

Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?![1] info

[1] Кайдан келди алар?! Кантип жаралды?! Өзү жаратып алдыбы?! Жок! Бардыгы Аллахтын нээматтары!

التفاسير:

external-link copy
25 : 80

أَنَّا صَبَبۡنَا ٱلۡمَآءَ صَبّٗا

Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык! info
التفاسير:

external-link copy
26 : 80

ثُمَّ شَقَقۡنَا ٱلۡأَرۡضَ شَقّٗا

Андан соң жерди жарып, info
التفاسير:

external-link copy
27 : 80

فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا حَبّٗا

(ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк: info
التفاسير:

external-link copy
28 : 80

وَعِنَبٗا وَقَضۡبٗا

жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү, info
التفاسير:

external-link copy
29 : 80

وَزَيۡتُونٗا وَنَخۡلٗا

зайтундарды, курмаларды, info
التفاسير:

external-link copy
30 : 80

وَحَدَآئِقَ غُلۡبٗا

коюу бактарды, info
التفاسير:

external-link copy
31 : 80

وَفَٰكِهَةٗ وَأَبّٗا

мөмө-жемиштерди, жашылчаларды. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 80

مَّتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ

Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 80

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ

Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде..., info
التفاسير:

external-link copy
34 : 80

يَوۡمَ يَفِرُّ ٱلۡمَرۡءُ مِنۡ أَخِيهِ

Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 80

وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ

Апасы менен атасынан дагы. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 80

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ

Аялы менен балдарынан дагы! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 80

لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٖ شَأۡنٞ يُغۡنِيهِ

(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот! info
التفاسير:

external-link copy
38 : 80

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ مُّسۡفِرَةٞ

Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып, info
التفاسير:

external-link copy
39 : 80

ضَاحِكَةٞ مُّسۡتَبۡشِرَةٞ

күлүп-жайнап, кубанычтуу! info
التفاسير:

external-link copy
40 : 80

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٞ

(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап, info
التفاسير:

external-link copy
41 : 80

تَرۡهَقُهَا قَتَرَةٌ

караңгылык ороп алат! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 80

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَفَرَةُ ٱلۡفَجَرَةُ

Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар![1] info

[1] Алар Раббиси канчалык нээмат – жакшылык берсе да шүгүр кылбай, кайра Аллахтын жолуна каршы чыгышты! Аллах бардыгыбызды ушундай каапырлыктан сактасын!

التفاسير: