[1] Мекке мушриктерине Аллах таала өтө көп мөөнөт берип, дүйнөлүк нээматтардан кем кылбай, бирок ошол эле учурда кана, качан ыйман келтиришет экен деп сынап турду. Бирок алар ыйманга кирүүнүн ордуна каапырчылыкта текеберленип кетишти жана өздөрүнүн акыреттерин күйдүрүп алышты. Эмки аяттарда Аллах таала алардын бул жоругун, бак-дарактарынын түшүмүнөн ихсан (садака) кылууга кызганган, мунун натыйжасында Аллах алардын бактарына асмандан өрт жиберип, не бактан жок, не акыреттик сооптон жок куржалак олтуруп калган кишилерге окшотот.
[1] Бул аят Кыяматтагы оор абал жөнүндө кабар берет. Абу Саид Худрий разияллоху анху мындай хадис риваят кылган: يوم القيامة يشتد الأمر ويصعب هوله, ويأتي الله تعالى لفصل القضاء بين الخلائق، فيكشف عن ساقه الكريمة التي لا يشبهها شيء, قال صلى الله عليه وسلم: "يكشف ربنا عن ساقه, فيسجد له كل مؤمن ومؤمنة, ويبقى مَن كان يسجد في الدنيا؛ رياء وسمعة, فيذهب ليسجد, فيعود ظهره طبقًا واحدًا" رواه البخاري: 4919 “ Мен Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын мындай дегенин уктум: “(Кыяматтагы оор күндө) Раббибиз калк-калайыкка өкүм кылуу үчүн келет жана Өзүнүн (эч нерсеге окшобогон) Балтырын ачат. Анан Ага ар бир ыймандуу эркек-аял саждага жыгылат. Ошондо бул дүйнөдө эл көрсүнгө гана ийилип жүргөндөр (жана тап-такыр сажда кылбагандар) дагы сажда кылуу үчүн барышат. Бирок, алардын омурткалары катып (саждага жарабай) калат.” (Бухарий: 4919-хадис. Муслим: 183-хадис)