Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kyrgyz ni Shamsuddin Hakimov

Numero ng Pahina:close

external-link copy
41 : 36

وَءَايَةٞ لَّهُمۡ أَنَّا حَمَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُمۡ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ

Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 36

وَخَلَقۡنَا لَهُم مِّن مِّثۡلِهِۦ مَا يَرۡكَبُونَ

Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик.[1] info

[1] Бул аят дагы Аллах тааланын моожизасы, келечектен кабар бергени. Анткени, араб мушриктери Нухтун кемесинен башкача кеме болушун билген эмес. Жаңы типтеги буу кемелерин, атом энергиясы менен жүрө тургандарын, аба мейкиндигинде сүзө тургандарын Аллах кийинки замандарда жаратып берди.

التفاسير:

external-link copy
43 : 36

وَإِن نَّشَأۡ نُغۡرِقۡهُمۡ فَلَا صَرِيخَ لَهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنقَذُونَ

Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 36

إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ

(Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 36

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّقُواْ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيكُمۡ وَمَا خَلۡفَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ

Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт.) info
التفاسير:

external-link copy
46 : 36

وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ

Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 36

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنُطۡعِمُ مَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ أَطۡعَمَهُۥٓ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Эгер аларга: «Аллах ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла» – деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!» – дешет.[1] info

[1] Бул сөздөрү менен алар момундарды «Ырыскы Аллахтан» деген ишенимин шылдыңдашууда.

التفاسير:

external-link copy
48 : 36

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (кыямат) качан келет?» info
التفاسير:

external-link copy
49 : 36

مَا يَنظُرُونَ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ تَأۡخُذُهُمۡ وَهُمۡ يَخِصِّمُونَ

Алар (эч нерседен бейкапар) өз-ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.[1] info

[1] Аларга насаат пайда бербеди. Эми, азап берүүчү периште келип катуу ач айкырык менен өлтүрүп кетиши же болбосо, Исрафил периштенин ач айкырык сыяктуу үн чыгара турган кернейин биринчи ирет тартканда баардык адамдардын катарында өлүүлөрү гана калды.

التفاسير:

external-link copy
50 : 36

فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ تَوۡصِيَةٗ وَلَآ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمۡ يَرۡجِعُونَ

(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 36

وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يَنسِلُونَ

Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббилерине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 36

قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا مَنۢ بَعَثَنَا مِن مَّرۡقَدِنَاۜۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَصَدَقَ ٱلۡمُرۡسَلُونَ

(Жана) айтышат: «Оо, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! Пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!» info
التفاسير:

external-link copy
53 : 36

إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ

Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 36

فَٱلۡيَوۡمَ لَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗا وَلَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза (же) сыйлык аласыңар. info
التفاسير: