Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kyrgyz ni Shamsuddin Hakimov

Numero ng Pahina:close

external-link copy
29 : 28

۞ فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى ٱلۡأَجَلَ وَسَارَ بِأَهۡلِهِۦٓ ءَانَسَ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ نَارٗاۖ قَالَ لِأَهۡلِهِ ٱمۡكُثُوٓاْ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا لَّعَلِّيٓ ءَاتِيكُم مِّنۡهَا بِخَبَرٍ أَوۡ جَذۡوَةٖ مِّنَ ٱلنَّارِ لَعَلَّكُمۡ تَصۡطَلُونَ

Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 28

فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِيَ مِن شَٰطِيِٕ ٱلۡوَادِ ٱلۡأَيۡمَنِ فِي ٱلۡبُقۡعَةِ ٱلۡمُبَٰرَكَةِ مِنَ ٱلشَّجَرَةِ أَن يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّيٓ أَنَا ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Отко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 28

وَأَنۡ أَلۡقِ عَصَاكَۚ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهۡتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنّٞ وَلَّىٰ مُدۡبِرٗا وَلَمۡ يُعَقِّبۡۚ يَٰمُوسَىٰٓ أَقۡبِلۡ وَلَا تَخَفۡۖ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡأٓمِنِينَ

Таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың! info
التفاسير:

external-link copy
32 : 28

ٱسۡلُكۡ يَدَكَ فِي جَيۡبِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٖ وَٱضۡمُمۡ إِلَيۡكَ جَنَاحَكَ مِنَ ٱلرَّهۡبِۖ فَذَٰنِكَ بُرۡهَٰنَانِ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ

Колуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 28

قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلۡتُ مِنۡهُمۡ نَفۡسٗا فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ

(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 28

وَأَخِي هَٰرُونُ هُوَ أَفۡصَحُ مِنِّي لِسَانٗا فَأَرۡسِلۡهُ مَعِيَ رِدۡءٗا يُصَدِّقُنِيٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ

Менин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун». info
التفاسير:

external-link copy
35 : 28

قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجۡعَلُ لَكُمَا سُلۡطَٰنٗا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيۡكُمَا بِـَٔايَٰتِنَآۚ أَنتُمَا وَمَنِ ٱتَّبَعَكُمَا ٱلۡغَٰلِبُونَ

(Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар». info
التفاسير: