Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kyrgyz ni Shamsuddin Hakimov

Numero ng Pahina:close

external-link copy
32 : 15

قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ

(Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 15

قَالَ لَمۡ أَكُن لِّأَسۡجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقۡتَهُۥ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ

«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 15

قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ

(Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 15

وَإِنَّ عَلَيۡكَ ٱللَّعۡنَةَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ

Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!» info
التفاسير:

external-link copy
36 : 15

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!» info
التفاسير:

external-link copy
37 : 15

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ

(Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң info
التفاسير:

external-link copy
38 : 15

إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ

белгилүү убакытка чейин». info
التفاسير:

external-link copy
39 : 15

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын! info
التفاسير:

external-link copy
40 : 15

إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.[1] info

[1] Демек, ким ыкластуу (ыйманы жалаң Аллах үчүн) болсо, аларга шайтандын азгырыгы таасир этпейт.

التفاسير:

external-link copy
41 : 15

قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَيَّ مُسۡتَقِيمٌ

(Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 15

إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡغَاوِينَ

Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт). info
التفاسير:

external-link copy
43 : 15

وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوۡعِدُهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 15

لَهَا سَبۡعَةُ أَبۡوَٰبٖ لِّكُلِّ بَابٖ مِّنۡهُمۡ جُزۡءٞ مَّقۡسُومٌ

Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет). info
التفاسير:

external-link copy
45 : 15

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 15

ٱدۡخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ

(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик). info
التفاسير:

external-link copy
47 : 15

وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلٍّ إِخۡوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ

Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат). info
التفاسير:

external-link copy
48 : 15

لَا يَمَسُّهُمۡ فِيهَا نَصَبٞ وَمَا هُم مِّنۡهَا بِمُخۡرَجِينَ

Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 15

۞ نَبِّئۡ عِبَادِيٓ أَنِّيٓ أَنَا ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун! info
التفاسير:

external-link copy
50 : 15

وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ ٱلۡعَذَابُ ٱلۡأَلِيمُ

Чынында менин азабым - жан ооруткан азап! info
التفاسير:

external-link copy
51 : 15

وَنَبِّئۡهُمۡ عَن ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ

(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:[1] info

[1] Ибрахимдин меймандары Лут пайгамбардын коомуна Аллахтын азабын алып келген, жаш жигит кейпиндеги периштелер.

التفاسير: