[1] Яькуб ушул сөздөрдөн соң аларга Биняминди кошуп берди жана узатып жатып “Бардыгыңар Мисир шаарынын бир дарбазасынан кирбегиле’’ деп осуят кылды. Себеби он бир эр-азамат уул чогуу бараткан эле. Яькуб аларга көз тийбесин деп, боору ооруганынан ушул сөздү айтты. Эмесе, Аллахтын тагдырын эч нерсе өзгөртө албасын, эгер миң сактанса да тагдырдагы нерсе болоорун Ал жакшы билген, бирок ушуну менен жүрөгүн жеңилдетип алган.