పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - అల్ ఖుర్ఆన్ అల్ కరీమ్ సంక్షిప్త వ్యాఖ్యానం

పేజీ నెంబరు: 143:128 close

external-link copy
125 : 6

فَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يَهۡدِيَهُۥ يَشۡرَحۡ صَدۡرَهُۥ لِلۡإِسۡلَٰمِۖ وَمَن يُرِدۡ أَن يُضِلَّهُۥ يَجۡعَلۡ صَدۡرَهُۥ ضَيِّقًا حَرَجٗا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِي ٱلسَّمَآءِۚ كَذَٰلِكَ يَجۡعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجۡسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ

Аллах кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн ачып, исламды кабылдоого жибитип коёт. Ал эми кимди туура жолго салгысы келбесе, чындыкты кабыл алууга анын көкүрөгүн тарытып коёт. Б.а.асманга көтөрүлө албаган сыяктуу жүрөгүно чындыкты киргизе алышпайт. Адашкандарды ушундай кыйын, тар абалга калтырган сыяктуу, ыйман келтирбегендерди да катуу азаптайт. info
التفاسير:

external-link copy
126 : 6

وَهَٰذَا صِرَٰطُ رَبِّكَ مُسۡتَقِيمٗاۗ قَدۡ فَصَّلۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَذَّكَّرُونَ

Оо, элчи, Биз сага шарият кылып берген ушул дин Аллахтын эч ийриси жок түз жолу, Аллахты эстеп, түшүнө турган акыл-эстүү адамдарга аяттарды баян кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
127 : 6

۞ لَهُمۡ دَارُ ٱلسَّلَٰمِ عِندَ رَبِّهِمۡۖ وَهُوَ وَلِيُّهُم بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Алар үчүн бардык жамандыктан сак-саламат боло турган бейиш бар. Жакшы иштерди жасаганына сыйлык катары Аллах аларды колдойт жана кам көрөт info
التفاسير:

external-link copy
128 : 6

وَيَوۡمَ يَحۡشُرُهُمۡ جَمِيعٗا يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ قَدِ ٱسۡتَكۡثَرۡتُم مِّنَ ٱلۡإِنسِۖ وَقَالَ أَوۡلِيَآؤُهُم مِّنَ ٱلۡإِنسِ رَبَّنَا ٱسۡتَمۡتَعَ بَعۡضُنَا بِبَعۡضٖ وَبَلَغۡنَآ أَجَلَنَا ٱلَّذِيٓ أَجَّلۡتَ لَنَاۚ قَالَ ٱلنَّارُ مَثۡوَىٰكُمۡ خَٰلِدِينَ فِيهَآ إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٞ

Оо, элчи, инсандар менен жиндерди чогулткан Кыямат күнүн эсте. Ошондо Аллах: "Эй, жиндер жамааты, инсандардын көбүн адаштырып, Аллахтын жолунан тостуңар" дейт. Аларды ээрчиген инсандар Раббисине жооп берип: "Оо, Раббибиз, биз бири-бирибизди пайдаландык, жиндер ага баш ийген инсанды пайдаланды, инсандар кумар каалоосунан пайдаланды, ошентип жүрүп бизге чектелген күн Кыямат келди" дешет. Аллах: "Силердин турак жайыңар тозок, анда түбөлүк каласыңар, бирок, Аллах каалагандар, кайра тирилгенден тартып тозокко киргенче түбөлүк тозокто болбойт" дейт. Аллах ушул мөөнөттү түбөлүк тозокто калуу деп эсептеген жок. Эй, элчи, акыйкатта сенин Раббиң тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман, пенделерин кимиси тозокко татыктуу экенин Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
129 : 6

وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّي بَعۡضَ ٱلظَّٰلِمِينَ بَعۡضَۢا بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ

Жиндердин кээсин башчы кылып, инсандарды азгыруу үчүн аларга эрк берип койгонубуз чыяктуу, залымды залымга башчы кылып коёбуз, алар бири-бирин жамандыкка үндөп, кызыктырат. жана жакшылыктан качырып, алыстатат; бул алардын күнөөгө берилгендигинин жазасы. info
التفاسير:

external-link copy
130 : 6

يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ رُسُلٞ مِّنكُمۡ يَقُصُّونَ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِي وَيُنذِرُونَكُمۡ لِقَآءَ يَوۡمِكُمۡ هَٰذَاۚ قَالُواْ شَهِدۡنَا عَلَىٰٓ أَنفُسِنَاۖ وَغَرَّتۡهُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَشَهِدُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ أَنَّهُمۡ كَانُواْ كَٰفِرِينَ

Кыямат күнү аларга: "Эй, инсан жана жиндердин жамааты, силерге өзүнөрдүн жынсыңардагы - инсандардан болгон - элчилер келбедиби, алар Аллах түшүргөн нерсени силерге окуп берип , кыямат күнү жолугарыбызды айтып, эскертишпедиби?" - деп айтабыз. Алар: Ооба, Сенин элчилериң бул күн тууралуу бизге жеткиргенин , бул күнү жолугушуу болорун моюнубузга алабыз. Бирок, элчилериңди жалганга чыгарганбыз, Кыяматтагы жолугууну да жалганга чыгарганбыз - дешет. Аларды убактылуу кооздугу, жакшылыгы жана ырахаты менен дүйнө жашоосу алдап койду. Алар дүйнө жашоосунда Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушканын моюнуна алышты, бирок, убактысы өтүп кеткендиктен алардын эми моюнуна алганы да, ыйман келтиргени да пайдасыз info
التفاسير:
ఈ పేజీలోని వచనాల ద్వారా లభించే ప్రయోజనాలు:
• سُنَّة الله في الضلال والهداية أنهما من عنده تعالى، أي بخلقه وإيجاده، وهما من فعل العبد باختياره بعد مشيئة الله.
Адашуу жана туура жолду табуу Аллах Өзү жаратып, пайда кылган Анын колундагы иштер. Бул экөө Аллахтын каалоосу менен боло турган пенденин ыктыярындагы иштер info

• ولاية الله للمؤمنين بحسب أعمالهم الصالحة، فكلما زادت أعمالهم الصالحة زادت ولايته لهم والعكس.
Аллах ыймандуу пенделерине алардын жакшы иштерине жараша дос-башчы болот, жакшы иштери канчалык көп болсо, ошончо достугу күчөйт, же тескерсинче... info

• من سُنَّة الله أن يولي كل ظالم ظالمًا مثله، يدفعه إلى الشر ويحثه عليه، ويزهِّده في الخير وينفِّره عنه.
Залымды залымга башчы кылып коюу Аллахтын сүннөт жолу, алар бири-бирин жамандыкка түртүп, жакшылыктан алыстатат. info